КУУнун студенттери Астанадагы эл аралык олимпиадада жеңүүчү аталды

Билим 15 Апрель 2026 17:25
WhatsApp Image 2026-04-15 at 17.20.40.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-15 at 17.20.40 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-04-15 at 17.20.40.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-15 at 17.20.40 (1).jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 15.04.26 /Кабар/. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Экономиканын жогорку мектебинин студенттери 9-10-апрелде Астана шаарында өткөн Бухгалтердик эсеп боюнча эл аралык олимпиадада биринчи орунду ээледи.

Олимпиада Л. Н. Гумилёв атындагы Евразия улуттук университетинин базасында өттү. Ага Кыргызстан, Казакстан жана Россиянын алдыңкы жогорку окуу жайларынан 25 эң күчтүү команда катышты.

КУУнун "Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит" багыты боюнча 4-курстун студенттеринен куралган командасы даярдыктын жогорку деңгээлин көрсөтүп, командалык эсепте жеңүүчү болушту.

Мындан тышкары, Нурзада Сартбаева жеке эсепте биринчи орунду багындырды.