КУУда мамлекеттик тил боюнча ЖОЖдор аралык олимпиада башталды

Билим Загрузка... 03 Апрель 2025 15:28
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Жусуп Баласагын атындагы КУУ

Бишкек, 03.04.25. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин гуманитардык-табигый илимдер факультетинде республикалык мамлекеттик тил боюнча ЖОЖдор аралык студенттик олимпиада башталды. Бул тууралуу Журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк билдирди.

Анын айтымында, иш-чара университеттин 100 жылдыгына жана улуу акын Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган.

Иш-чарада Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев тилдин мааниси, улуттук баалуулуктар жана университеттеги алгылыктуу иштер боюнча кенен маалымат берди. Ошондой эле жакшы саамалык катары университетте кабыл алынган чечимдер, анын ичинде жума күндөрү улуттук кийимди аздектеп, профессордук-окутуучулук курам жана студенттердин кийишин жакшы демилге экенин белгиледи.

Мындан сырткары, катышуучуларга университеттин басып өткөн жолун, өлкөнүн ар бир тармагына керектүү адистерди 100 жыл ичинде даярдап берип турганын айтты.

Ректор университеттин 100 жылдыгына карата өткөрүлө турган иш-чаралар, чыгарыла турган китептер, окуу куралдары, илимий долбоорлорго да токтолду.

Иш сапардын алкагында Догдурбек Чонтоев окуу жайдын Оштогу филиалындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинин материалдык-техникалык базасы менен таанышып, көйгөйлөрүн укту. КУУнун түштүк филиалынын зарылдыгын белгилөө менен ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда университеттин 100 жылдыгына карата факультетке КУУнун туусу тапшырылып, филиалдын аймагына арча көчөттөрү отургузулду.