Курулушу быйыл башталган: Бишкектеги жаңы мектеп окуу жылында эшигин ачат

Коом 7 сентябрь 2026 11:55
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 07.09.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы №32 мектептин 250 орундуу жаңы имараты курулуп бүтүп, жаңы окуу жылына даяр болду.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, мектептин курулушу быйыл февраль айында президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен республикалык бюджеттин эсебинен башталган.

“Жертөлөсү менен эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 2 миң 200 чарчы метрди түзөт. Анда башталгыч класстар үчүн заманбап окуу бөлмөлөрү, компьютердик класс, ийримдер үчүн кабинеттер жана ашкана каралган”, — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, жаңы окуу жылынын башталышы менен башталгыч класстын окуучулары жаңы мектепте билим ала баштайт.