Бишкек, 23.04.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында эл өкүлү Дастан Бекешов курулуш иштерин өз учурунда бүтүрбөгөн курулуш компанияларга тышкы башкаруу киргизүүнү сунуштады.
Анын айтымында, шылуун курулуш компанияларга акчасын берип жабыркаган бир топ жарандар кайрылып, маселе чечилбей жатат.
“Өкмөт өзү киришпесе бул маселе чечилбейт. Биз тышкы башкаруу деген маселени мыйзамдарга киргизгенбиз. Учурунда Кумтөргө тышкы башкарууну киргизип бир топ каталарды ошол жерден таптык. Шылуун курулуш компанияларга ушундай тышкы башкарууну киргизсек деп сунуш кылат элем. Себеби, алар жарандарды алдап, каражаттарын алып курулушту бүтүрбөй качып жүрүшөт. Кээ бир компаниялардын ээлери камалып да жатышат”,- деди Бекешев.
Депутат Бишкектеги курулуш компаниялардын биринин атын атап, эгер курулуш компаниялар ишин аткарбаса тышкы башкаруу киргизип, жоопко тартуу зарылдыгын белгиледи.
“Мына ошол эле “KG групп” курулуш компаниясы боюнча Бишкектин Масалиев 81 дарегинен мага жарандар кайрылууда. Алардын айтымында, курулуштун 3-блогу дагы эле бүтпөй турат. Курулушту бүтүрсө болмок, компанияда кичине болсо да актив бар. Бирок, дагы эле жетекчилери ишти аткарбай жүрүшөт. Ушул жерге тышкы башкарууну киргизүүнү сунуштайт элем”,- деди ал.