Курулушта эмгек коопсуздугунун сакталышы боюнча текшерүүлөр жүрүүдө

Коом 958 18 Май 2025 18:10
499245970_1199965634935817_2907654293267158272_n.jpg
497747052_1199965768269137_4076157932206917188_n.jpg
497875027_1199965741602473_4683485278348749055_n.jpg
497946805_1199965801602467_5823219421881583541_n.jpg
498135416_1199965648269149_6064029946478083522_n.jpg
498147257_1199965761602471_604867630311890786_n.jpg
498586998_1199965568269157_6231000515845947845_n.jpg
498591733_1199965684935812_9182396891954497941_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 18.05.25. /Кабар/. 17-майда I категориядагы курулуш объектилерин ири масштабдагы текшерүү иштери башталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө курулушта эмгек коопсуздугунун талаптарынын бузулушу аныкталды. Айрым объектилерде иш жүргүзүү долбоорлору жок, курулуштун башкы пландары илинген эмес жана техника коопсуздугу боюнча нускама өткөрүү үчүн атайын жайлар уюштурулган эмес. Мындан тышкары, объектилерде эмгекти коргоо боюнча көрнөк-жарнактар коюлганбагандагы аныкталды.

Жыйынтыгында курулуш компанияларынын өкүлдөрүнө аныкталган мыйзам бузууларды үч күндүн ичинде жоюу тууралуу көрсөтмөлөр берилди.

Рейддик текшерүүлөр уланууда.