Курулуш министрлиги эмгекти коргоо чараларын күчөттү

Коом Загрузка... 15 Май 2025 20:16
WhatsApp Image 2025-04-14 at 14.26.04.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 15.05.25. /Кабар/. Кырсыктарды жана уруксатсыз иш-чараларды болтурбоо максатында курулуш объектилеринде эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча талаптар күчөтүлдү.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин жаңы буйругуна ылайык:

  • коопсуздук боюнча инструктаждан өтпөгөн жана расмий таризделбеген адамдардын объекттерге кирүүсүнө тыюу салынды;
  • курулуш аймагында расмий уруксатсыз иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды;
  • бардык объекттерде өткөрүү режими, жеке коргонуу каражаттары, жардам аптечкалары, инструкциялар жана инструктаж журналдары камсыздалууга тийиш;
  • инженерлер, өзгөчө бийиктикте жүргүзүлгөн иштерге көңүл буруп, коопсуздук эрежелерин үзгүлтүксүз текшерип турушу зарыл.

Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө министрдин орун басары Б.Турдугуловго жүктөлдү.