Курулуш министри Нурдан Орунтаевге сөгүш жарыяланды

Министрлер кабинети 25 август 2026 19:20
Курулуш министри Нурдан Орунтаевге сөгүш жарыяланды

Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевге сөгүш жарыялады.

Тартиптик жаза “Министрлер кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамына жана Эмгек кодексине ылайык жүктөлгөн эмгек милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн берилди.