Жаңы окуу жылына чейин даяр болушу керек: Министр мектептердин курулушун текшерди

Коом Загрузка... 01 Июнь 2026 10:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Күн мурун курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттердин жетекчилери менен биргеликте Бишкек шаарында курулуп жаткан бир катар мектептердин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Ведомстводон билдиришкендей, министр курулуп жаткан 4 билим берүү объектисин кыдырып, бир катар тапшырмаларды берди.

Алар:

  • Достук айылында алгачкы жолу курулуп жаткан 750 орундуу мектеп;
  • Дордой конушундагы №94 мектепке курулуп жаткан 750 орундуу кошумча окуу корпусу;
  • Калыс-Ордо конушундагы №86 орто мектепке курулуп жаткан 650 орундуу кошумча корпус;
  • Садыгалиев көчөсүндө курулуп жаткан 1200 орундуу мектеп.

Нурдан Орунтаев объектилердеги курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, белгиленген курулуш графигинен артта калып жаткан подряддык уюмдарга эскертүү берди. Ошондой эле курулуш иштеринин темпин күчөтүү, жумушчулардын санын көбөйтүү жана аткарылып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл буруу боюнча бир катар тапшырмаларды койду.

Мындан тышкары, подряддык уюмдарга мектептердин курулуш иштерин 2026-2027-окуу жылына карата өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аяктоону, бардык иштерди заманбап курулуш талаптарына жана толук коопсуздук стандарттарына ылайык жүргүзүүнү талап кылды.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылдын февраль айында Бишкек шаарында 20 жаңы мектептин курулушу башталган. Бүгүнкү күндө аталган объектилерде курулуш иштери активдүү жүрүүдө.

Анын ичинде:

  • Октябрь районунда — 6 объект;
  • Ленин районунда — 6 объект;
  • Биринчи Май районунда — 5 объект;
  • Свердлов районунда — 3 объект.

Долбоорлор Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.