Жыл аягына чейин Бишкекте 36 мектепти куруу жана капиталдык оңдоо пландалууда. Ишке берилсе, 46 миң окуучуга жаңы орун пайда боло турганын калаа бийлиги билдирүүдө. Ал эми өлкө боюнча 200дөн ашуун мектеп, 100дөн ашык бала бакча курулуп жатат. 2025-жылдын декабрында өткөн IV Элдик курултайда аймактардан келген делегаттардын билим берүү багытындагы кайрылууларынын дээрлик үчтөн экиси дал ушул курулушка байланыштуу.
Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 2300дөн ашык мектеп 1,5 миллиондон ашуун окуучуну камтып турат. Акыркы 10 жылда эле окуучулардын саны 500 миңге көбөйдү. Демографиялык өсүш, ички миграциянын чоң шаарларга агымы кошумча мектептерге, бала бакчаларга муктаждык жаратты. Мектеп көйгөйү аймактарда да актуалдуу.

2025-жылдын декабрында өткөн IV Элдик курултайда делегаттар үчүн аймактардагы билим берүү көйгөйлөрү боюнча билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын өзүнө кайрылуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул курултайдын мурдагы жылдарга салыштырмалуу өзгөчөлүгү десе болот. Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, курултайда билим берүү тармагына 300 кайрылуу түшкөн. Алардын дээрлик 217си курулуш иштерине байланыштуу.
Билим берүү мекемелеринин курулушу боюнча кайрылуулардын саны мурдагы жылдары өткөн курултайларда да басымдуулук кылган:
- 2022-жылдагы Биринчи Элдик курултайда 234 кайрылуу түшсө, анын 233ү курулуш боюнча;
- 2023-жылы Элдик жыйындан түшкөн 412 кайрылуунун 332си, башкача айтканда, 81,6%ы курулушка байланышкан;
- 2024-жылдагы курултайда 184 кайрылуу түшүп, анын 167си курулуш маселесине тиешелүү, башкача айтканда, 90,8%ды түзгөн;
- 2025-жылдагы Элдик курултайда 300 кайрылуу түшсө, 217си курулуш иштерине тийиштүү.

Курултайдын делегаттарын түйшөлткөн билим берүү мекемелерин куруу иштери туурасында айта турган болсок, президент Садыр Жапаров 2026-жылдын башында "Кабар" агенттигине берген маегинде өлкө боюнча республикалык бюджеттин эсебинен жана ар кандай каржы булактарынан 163 билим берүү (117 курулуш, 46 капиталдык оңдоп-түзөө) объектиси бүткөрүлгөнүн билдирген. Мындан сырткары, өлкө боюнча курулуштары ар кыл стадияда турган 216 мектеп жана 107 бала бакча бар экенин, 2026-жылы алардын жарымы толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилерин маалымдаган.

Бул арада Курулуш министрлиги окуучулар үчүн орундар тартыштыгы курч болуп турган Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштарда мектептер жана кошумча корпустар курула турганын билдирди. Алар: Көк-Жар, Ак-Ордо, Өскөн-Ордо, Калыс-Ордо, Арча-Бешик, Кара-Жыгач, Дача-Суу, Дордой конуштары, Достук, Көк-Жар, Кашка-Баш айылдары жана башкалар.
Жалпысынан быйыл Бишкекте мэрия 20 мектеп мамлекеттик бюджеттен, 12 мектеп Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан, 1 мектеп Россиянын колдоосу менен, 3 мектеп жергиликтүү бюджеттин эсебинен курула турганын билдирди. Жаңы имараттар 46 миң окуучуга эсептелген.
Курултайда көтөрүлгөн маселелердин дагы бири — мугалимдердин маянасынын аздыгы. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров мугалимдердин айлыгы 2026-жылдын 1-апрелинен тарта 100%га көтөрүлө турганын билдиргени маалым. Учурда педагогдордун орточо айлыгы 26 миң сом болсо, көбөйгөндөн кийин 52 миңге чыгат.
"Райондук коэффициенти 1,8 болгон тоолуу алыскы райондо иштеп жана жашаган, 30 жылдан ашык педагогикалык иш стажы бар орто мектептин математика мугалиминин учурдагы эмгек акысы 65 800 сом болсо, ал эми 2026-жылдын 1-апрелинен тарта эмгек акысы 97 600 сомду түзөт", - деп билдирди Садыр Жапаров.
Ал эми башка кайрылуулар боюнча Агартуу министрлиги делегаттарга маалымат жана түшүндүрмөлөр берилгенин билдирди.
"Ошондой эле 83 кайрылуу ар кандай багыттагы билим берүү тармагындагы маселелер боюнча, мектептерди жабдуу, бала бакчаларга кошумча штаттарды киргизүү, мугалимдердин жетишсиздиги, гимназия-интернат статусун кайтаруу, мектеп жана райондук же шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүктөрү, турмушка керектүү сабактарды киргизүү, спорт аянтчасын куруу, мугалимдердин эмгек маянасын жогорулатуу маселелери боюнча түшкөн.
Муну менен катар мугалимдерди материалдык жактан колдоо, сыйлоо, окуу китептеринин жетишсиздиги, 12 жылдык билим берүү, директорлордун конкурсу, компьютер жетишсиздиги, курстарды уюштуруу, ийримдерди уюштуруу, окуучуларга автобустарды уюштуруу, билим берүү мекемелеринин имаратын өз багытына кайтаруу, мектептерге ысым ыйгаруу, билим берүү уюмдарын интерактивдик доска ж.б. жабдуулар боюнча келип түшүп, өз мөөнөтүндө түшүндүрмөлөр берилди.
Ал эми чет мамлекеттерден келген делегаттардан өзбек класстарды орус класстарга которуу, окуучуларга психологиялык жардам көрсөтүү, мигранттардын балдарынын көйгөйлөрү, эл аралык деңгээлдеги кыргыз тили боюнча программаларды иштеп чыгуу, коңшу Тажикстанда кыргыз тилдүү мектептердин абалы боюнча 7 кайрылуу түшүп, түшүндүрмөлөр берилди", - деп билдирди Агартуу министрлиги.

Эске салсак, билим берүү тармагы акыркы жылдары чоң өзгөрүүлөрдү башынан кечирип жатат. Институционалдык реформа жүргүзүлүп, Агартуу министрлиги менен Илим, жогорку билим жана инновациялар министрлиги өзүнчө түзүлдү. Билим берүү түп-тамырынан өзгөртүлүп, 12 жылдык тартипке өттү. Каржылоо 2021-жылдагыга салыштырмалуу 85%га көбөйүп, 75,3 млрд сомду түздү. 4-5 жыл мурун болгону 40 млрд сомдун тегереги болчу.
Окуу китептери маселесине келсек, аларды басып чыгарууга 856 млн сом бөлүнүп, 4 миллиондон ашуун окуу-методикалык комплекс басылып чыкты. Ошондой эле мугалимдер, дарыгерлер — деги эле мамлекеттик бюджеттен айлык алган кызматкерлер "Жеңилдетилген ипотека" багыты боюнча 4%дык үстөк менен 25 жылга алгачкы төлөмсүз батир ала алышат.