Курултайда өлкөнүн келечегин аныктай турган маселелер каралышы керек – Абдылдаев

Элдик курултай Загрузка... 18 Декабрь 2025 18:30
kurultaj.jpg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Конституциянын 7-беренесинде жазылгандай, Элдик курултайдын макамыкоомдук-өкүлчүлүктүү жыйын” деп аталат. Ал кеңешүүчү, байкоочу жыйын катары коомдун өнүгүү багыттары боюнча сунуштамаларды берет. Ал эми “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамга ылайык, президент курултайдын сунушун эске алуу менен министрлер кабинетинин мүчөлөрүн жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерин кызматтан бошотот. Бул жыйын жыл сайын өтүп, мамлекет башчы делегаттарга кайрылуу жасайт. Элдик курултай мыйзам чыгаруу демилге укугун ишке ашырат. Курултайдын делегаттарынын көпчүлүк добушу менен жактырылган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет. Делегаттардын арасынан шайланган Улуттук кеңеш курултайдын иш убагында гана иштейт. Ал эми 1070тен 700гө чейин кыскартылган делегаттардын ыйгарым укуктары делегаттык мөөнөтү аяктаганда токтотулат. Ошентип курултайдын уюштурулушу жана ишмердүүлүгү 2023-жылы кабыл алыган так ушул 15 беренеден турган конституциялык мыйзам менен аныкталат.

Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаев бул мыйзамга карата төмөнкүдөй оюн билдирген.

"Мыйзам өзүнчө тирүү организм. Мыйзамды бир жолу кабыл алып, андан кийин ага көңүл бурбай койгон туура болбойт. Ошондуктан мыйзамга өзгөртүү, толуктоо дайыма киргизилип туруш керек. Биз азыр бул багытта иштеп жатабыз. Анткени, кабыл алынган мыйзамда анча-мынча кайталанган беренелер болуп калган. Мына ошолордун баарын иретке келтирип, ар бир берене өзүнүн алып бара турган ченемдик - укуктарына ээ болсун деген ойлорубуз бар”,- деди Абдылдаев.

Аталган мыйзамда Элдик курултайда каралуучу негизги багыттар катары өлкөнү руханий-маданий жактан өнүктүрүү, элибиздин салттарын, мурастарын жана экологияны сактоо сыяктуу маселелер көрсөтүлгөн. Бирок, буга чейинки өткөн курултайларда жергиликтүү калктын көйгөйлөрү көтөрүлүп келди. Маселени башка өңүттөн карап көрсөк, элдин чындап эле социалдык маанидеги көйгөйлөрү чечилбей турса, кайдан коомдун жана мамлекеттин өнүгүүсүнө багытталган концепцияларга, программаларга, мыйзам долбоорлоруна карата сунуштамаларды бере алат. Акыркы жылдардагы аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыктан, курултайдын деми өзгөрүлүп, деңгээли да өсөт деп үмүт кылып туралы.

"Албетте, курултай делегаттарынын сапаттуу болушу үчүн ал өзүнүн кесиптик деңгээлин көтөрүү боюнча бир-эки курултайга катышуусу керек. Тилекке каршы бизде жыл сайын басымдуу пайыз курултайдын делегаттары жаңы шайланып жаткандыктан кайрадан багыт берип, үйрөтүүгө туура келип жатат.

Курултайда көтөрүлгөн темаларга токтолсок, көбүнчө чарбалык маселелерге өтүп кетип жатабыз. Айылдагы же болбосо кичи шаарлардагы ошол жердеги бийлик чече турган маселелер курултайда айтылып калып жатат. Бирок, биз аны жок деп айта албайбыз. Ар бир сунушту иш-чарага киргизип, көзөмөлгө алып жатабыз”,- деди Абдылдаев.

Көч бара-бара түзүлөт дегендей, быйылкы курултайда мамлекеттик деңгээлдеги нарк-салт, дин, эне тил, билим берүү тармактары боюнча көп маселелер көтөрүлөт деп күтүлүүдө.

“Ар бир курултайдын өзүнүн өзгөчөлүгү болот. Курултайды профессионалдык жагынан дагы бийик деңгээлде өткөрүш үчүн биринчиден уюштуруу маселелери туура болуш керек. Мына ошондуктан уюштуруу комитети түзүлгөн. Ошол уюштуруу комитети, жергиликтүү бийликтер менен чогуу делегаттар курултайда мамлекеттин деңгээлиндеги чоң глобалдуу, бүгүнкү күндө дүйнөнү, Борбор Азия аймагын, бизге чектеш мамлекеттерди ойлондуруп жаткан маселелерди карашы керек. Ошону менен бирге Кыргызстандын өзүнүн келечектеги орду кандай болуш керек деген маселе көтөрүлүшү шарт. Ошол экономикалык - коомдук түзүлүштө, социалдык түзүлүштө, эл аралык карым-катнашыбызда курултай өзүнүн оюн айтып-билдиргенге кудурети жетиш керек. Мына ошондо курултай өзүнүн түпкү маңызына жетет”,- дейт Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси.

Тарыхка саресеп салсак, калкыбыздын элдик жыйын аркылуу мамлекет куруп, келечекти аныктаган учурлары көп кездешет. Биздин милдет ата-бабаларыбыз түптөп кеткен курултай институтун заманбап доордогу көйгөйлөрдү чечүүчү, өнүгүү багытыбызды көрсөтүүчү ошол эле учурда түпкүлүгүбүзгө кайтаруучу аянтча катары өнүктүрүшүбүз керек. Бул элдик жыйындын байыркы уңгусун бузбастан мыйзам базасын чыңдоо жана анын так аткарылышын камсыздоо мезгилдин талабы.

Буга чейин 2024-жылдын 25-сентябрында ошол учурдагы Жогорку Кеңеш “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду четке каккан. Анда 700 делегатты бир жылдык мөөнөткө шайлоо, Улуттук кеңештин милдеттерине өзгөртүү киргизүү сунушу жазылган.

Эске салсак, биринчи Элдик курултай 2022-жылы ноябрда, экинчиси 2023-жылы декабрда, үчүнчүсү өткөн жылы 20-декабрда өткөн. IV Элдик курултай саналуу күндөрдөн кийин 25-26-декабрда Бишкекте өтөт.