Курил аралынын жээгинде күчү 5,6 баллга жеткен жер титирөө болду

Дүйнө Загрузка... 30 Май 2025 09:45
WhatsApp Image 2025-05-30 at 09.39.27.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.05.25 /Кабар/. Бүгүн эртең менен Тынч океандын Курил аралынын жээгинде күчү 5,6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу РИА Новости Южно-Сахалинск сейсмикалык станциясынын маалыматына таянуу менен жазды.

“30-майда саат 09:22де Тынч океанда күчү 5,6 баллга жеткен жер титирөө болду. Анын очогу Шикотан аралындагы Малокурильское айылынан 65 чакырым түштүк-чыгышты карай, очогу 36 чакырым тереңдикте болгон”, - деп айтылат маалыматта.

Агенттиктин маалыматына караганда, жер титирөө Шикотанда 4-5 баллга, Кунашир аралында 3 баллга чейин сезилген.