Кургак учукка каршы күрөш: Өпкөңүздү акысыз текшертиңиз

Ден соолук Загрузка... 23 Март 2026 16:00
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 23.03.26. /Кабар/. 24-мартта Бишкек шаарындагы Bishkek Park соода-оюн-зоок борборунда саат 16:00дөн 18:00гө чейин Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата маалыматтык акция өтөт.

Иш-чара Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору, Улуттук фтизиатрия борбору, Кыргызстандын Кызыл Ай коому, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана Bishkek Park соода борборунун колдоосу менен уюштурулууда.

Белгиленгендей, бул шаар тургундары үчүн төмөнкүдөй мыкты мүмкүнчүлүктөрдү түзөт:

  • кан басымын акысыз өлчөтүү;
  • өпкөнүн абалын заманбап смоколайзер аппараты менен текшерүү;
  • оорулардын алдын алуу боюнча адистерден кеңеш алуу;
  • сергек жашоо образы тууралуу пайдалуу маалыматтарды алуу;
  • коноктордун катышуусундагы викторинага катышуу;
  • атайын уюштурулган флешмобго кошулуу.

Кургак учук – олуттуу дарт, бирок аны алдын алууга жана толук айыктырууга болот. Ооруну эрте аныктоо жана маалымдуулук – өзүңүздү жана жакындарыңызды коргоонун негизги жолу.