"Курак" тасмасы Колумбияда өтө турган эл аралык фестивалга катышат

Маданият Загрузка... 12 Ноябрь 2025 12:28
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 12.11.25. /Кабар/. Кыргызстандын "Курак" көркөм тасмасы 42-эл аралык BOGOCINE кинофестивалынын программасына кирди.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, кинофестиваль 20-26-ноябрда Колумбиянын Богота шаарында өтөт.

BOGOCINE – Латын Америкада көп жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан абройлуу кинофестивалдардын бири. 1984-жылы негизделген бул фестиваль жаңы режиссёрлор менен дебюттук толук метраждуу тасмалар үчүн эл аралык маанилүү аянтча болуп саналат. Анын тарыхында Педро Альмодовар, Пон Джун Хо, Исабель Койшет, Алехандро Иньярриту жана Родриго Гарсия сыяктуу режиссёрлор алгачкы сыйлыктарын ушул фестивалда алышкан.

"Курак" – быйыл Борбор Азиядан катышкан жалгыз фильм. Ал Латын Америкасы, Чыгыш Европа, Германия, Испания жана Түштүк Кореядан келген 14 тасма менен бирге негизги конкурс бөлүмүндө көрсөтүлөт.

Тасма – Кыргызстан, Швейцария, Сербия, Франция, Нидерланды, Люксембург жана Италиянын биргелешкен өндүрүшү. Бул Борбор Азия тарыхындагы эң масштабдуу эл аралык ко-продукция болуп эсептелет. Долбоор Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин колдоосу менен ишке ашкан.

Фильм жөнүндө: "Курак" Кыргызстандагы зомбулук жана мыйзамсыздыкка туш болгон аялдардын окуясын чагылдырат. Режиссёрлор көркөм реализмди, нуар жана даректүү хроника элементтерин айкалыштырып, курч социалдык теманы көтөрүшөт. Аталыш кыргыздын салттуу курак ыкмасына шилтеме берип, ар түрдүү тагдырлардын бирдиктүү мозаикасын символдоштурат.