Бишкек, 10.03.26 /Кабар/. Кечээ Россия Илимдер академиясынын Космостук изилдөөлөр институту Күндүн сол четинде же экватордон жогору жагында кара тактар байкалганын билдирди. Ошону менен бирге эле алар Күндүн активдүүлүгү күчөп жатканын айтып, 2035, 2046 жана 2057-жылдары кийинки циклдер азыркыдан күчтүүрөөк болушу мүмкүн экенин белгилешти.
"Бул спутниктерге, навигация системаларына жана ионосферага таасир этиши мүмкүн. Ошондуктан адамдар Күн менен байланышкан шарттарга даяр болушу керек", — деп кошумчалашты алар.
Мындан улам "Кабар" агенттиги бул кубулуштун пайда болуу себеби жана анын адамдарга тийгизе турган таасири тууралуу жооп издеди.
Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Физика жана электроника факультетинин деканы Самат Токтогонов Күндүн активдешүүсүн кайталанып туруучу табигый процесс деп түшүндүрөт. Анын айтымында, бул мезгил-мезгили менен болуп туруучу кубулуш жана анын 11 жылдык цикли бар.
"Ал жер бетине кандайдыр бир коркунучтарды жаратпайт. Активдүүлүк күчөп же азайып тура бериши мүмкүн. Ал активдешкенде көбүнчө космостогу станцияларга таасир этет. Себеби алардын коргоосу жок. Ал эми Жерди ионосфера, озоносфера катмарлары тосуп, коргоп турат. Активдүүлүгү күчөп турганда анча-мынча Жерге да өтүшү мүмкүн. Анда дагы техникалык байланыш каражаттарына гана таасир берет. Алардын катарында уюлдук байланыш операторлору, бири-бирине толкун аркылуу берилген телекөрсөтүү, радиоуктуруу системалары бар. Ал эми адистер мындай учурда коргонуу чараларын жакшы билишет. Андыктан мунун коркунучу жок", — деди ал.
Ал эми Күндөгү кара тактар бул Күн бетиндеги магниттик талаалардын топтолушу менен пайда болгон аймактар. Алар айланадагы башка бөлүктөргө караганда температурасы төмөн болгондуктан, караңгырак көрүнөт. Күн тактары күчтүү магниттик активдүүлүктү көрсөтүп, кээде жарк этүүлөр менен коштолот.