Кумтөр алтын кенин Кыргызстанга кайтарууда бийликтин саясий эрки, ишеним жана мүмкүнчүлүктөрдүн төп келүүсү чечүүчү рол ойноду. Бул ийгиликте бир кишинин эле эмес бүтүндөй команданын салымы бар. Мындай пикирин министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы, экс-депутат Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, 2021-жылга чейинки Кумтөрдү улутташтыруу боюнча түзүлүп, иш алып барган комиссиялардын, демилгелердин натыйжа бербегенине бир гана себеп бар. Ал бийликтин саясий эркинин жоктугу.
“Мен Садыр Жапаровго 2006-жылы Кумтөрдүн 50 пайыз үлүшүн аларда президент парламентти таратып, өкмөттү отставкага кетиргенин, эгер дагы ушундай болуп калса кантерибизди сурадым. Мамлекет башчысы Кумтөрдү кайтармайынча эч кандай реформа ишке ашпай турганын айтып “сиздин тажрыйбаңызга ишенем, иштеңиз" деди. Бул жерде жалгыз мен жасадым деген туура эмес болуп калат. Мамлекеттик комиссиянын бүтүндөй курамы бирге иштеп, башыбызда президент чечкиндүү туруп бергени үчүн гана Кумтөрдү мамлекетке кайтара алдык”, - деди Акылбек Жапаров.
Ал Садыр Жапаров кенди Кыргызстанга өткөрүү тапшырмасы берилгенден кийин стратегиялык пландар түзүлүп, кыргыздын өлкө ичиндеги жана сыртындагы кесипкөй адистер чакырылганын белгиледи.
“Ошол маалда Теңиз Бөлтүрүк командага кошулду. Ал Кумтөрдү кыргыздар өздөрү иштетсе болот деп, мурунку бийликтердин бирине ачык кат менен кайрылган. Бирок эч ким көңүл бурган эмес. Бул жолу "Центерранын" ичинен маалыматтарды алып туруу үчүн президенттин тапшырмасы менен аны директорлор кеңешине киргиздик. Ал эми биз сыртынан калган бардык базаны даярдап жаттык”, - деп билдирди Акылбек Жапаров.
Жапаров президенттин бекем эрки жана мамлекеттик комиссиянын, бүтүндөй эксперттик топтун бирдиктүү, күнү-түнү кылган иши гана Кумтөрдү кыргыз элине биротоло кайтарууга жол ачканын баса белгиледи.
“Эгер мурунку президенттерде саясий эрк болгондо, Кумтөр балким алда качан эле мамлекетке өтмөк. Өлкө башчысынын эрки болмоюнча, бир дагы өкмөттүк түзүм натыйжалуу иштей албайт. Экологдор бардык кемчиликтерди юридикалык тилге салып, так далилдеп беришти. Жер казынасын пайдалануу боюнча адистерибиз, лабораториялар, Бажы кызматы, Ички иштер министрлиги, Башкы прокуратура, УКМК, Финансы министрлиги, Экономика министрлиги - айтор, өлкөнүн бүтүндөй мамлекеттик механизми бирдиктүү иштеди. Дал ушундай бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган бирдиктүү иштин аркасында гана биз бул тарыхый ийгиликке жетиштик деп эсептейм”, - деп кошумчалады Акылбек Жапаров.
Ошондогу мамлекеттик комиссиянын төрагасы тийиштүү тармактардагы адистердин да кесиптик деңгээли жогору болгонун кошумчалады. Экинчиден, команда Кумтөр күрөшүндө жеңиш камсыздалса гана андан аркы бардык ири реформаларды ишке ашырууга жол ачыларын так түшүнгөн.
“Кумтөрдүн айланасындагы күрөш бизге бир команда катары Жаңы Кыргызстанды куруп, анын экономикасын көтөрүп, элди кор кылбай бага аларыбызды далилдеди. Бул бизде чоң түшүнүк жана бекем ишеним жаратты. Бул акылдын да, эрдиктин да, элдин таламын талашуу боюнча да күрөштүн чоң үлгүсү болду”, - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.