Кум менен сүрөт тартуу баланын мээсин өнүктүрөт – нейрохирург

Ден соолук Загрузка... 16 Июнь 2026 15:10
WhatsApp_Image_2026_LXZQUhE.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 16.06.26. /Кабар/. Кум живописи өзгөчө муктаждыктары бар балдарды реабилитациялоого жана окутууга жардам берет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кум живописи академиясынын мүчөсү, дарыгер-нейрохирург Сейил Абылгазиева билдирди.

Анын айтымында, кум менен кол аркылуу иштөө манжалардын кыймылын өнүктүрөрүн, мээнин эки жарым шарынын өз ара байланышын жакшыртарын жана сезимталдык зоналарын активдештирерин илимий изилдөөлөр тастыктайт.

"Мунун аркасында кум живописи инклюзивдик билим берүүдө натыйжалуу көмөк көрсөтө алат. Мындай сабактар өзгөчө кунт коюунун жетишсиздиги жана гиперактивдүүлүк синдрому, аутизм спектринин бузулушу, сүйлөө кемчиликтери жана интеллектуалдык өзгөчөлүктөрү бар балдарды реабилитациялоодо жана окутууда абдан пайдалуу. Менин оюмча, бул долбоордун өнүгүшү Кум живописи академиясына инклюзивдик билим берүүгө чоң салым кошууга жана өзгөчө муктаждыктары бар балдарга жардам берүүгө мүмкүндүк берет", - деп баса белгиледи ал.