Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.
Муниципалитеттен билдиришкендей, Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирлан Байгончоков башка кызматка которулгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.
Ал эми Кубанычбек Иманалиев муниципалдык кадрдык резервден Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары кызматына дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.
Резюме менен шилтемеден таанышсаңыз болот.