Бишкек, 17.09.26. /Кабар/. Чүй районунун акими болуп Осмонов Алманбек Эрмаматович дайындалды. Бул тууралуу Чүй райондук администрациясынан билдиришти.
Осмонов Алманбек Эрмаматович 1971-жылдын 3-мартында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман айылында туулган.
Жогорку билимдүү. К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун жана Кыргыз экономикалык академиясын, ошондой эле юридикалык багытта билим алган.
Эмгек жолун 1992-жылы баштап, жер ресурстары, айыл чарба, мамлекеттик каттоо жана мамлекеттик башкаруу тармактарында жетекчилик кызматтарда эмгектенген.
2022-жылдан тартып жер ресурстары жана кадастр тармагында жетекчилик кызматтарды аркалап келген.