Бакыт Караев Свердлов районунун акими болду

Кадрлар жана дайындоолор 15 октябрь 2026 10:55
Бакыт Караев Свердлов районунун акими болду
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Бакыт Караев Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Тиешелүү тескемеге борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Буга чейин аталган кызматты аркалап келген Медербек Амангелдиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулду.

Бакыт Караев буга чейин Ленин райондук администрациясынын башчысынын биринчи орун басары болуп иштеген.