Бишкектин Октябрь районуна жаңы аким дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор 1688 24 Март 2026 09:15
656575629_1408959381279912_757423907434296233_n.jpg
657264767_1408959447946572_6948152128572550992_n.jpg
Алдыга
Артка
656575629_1408959381279912_757423907434296233_n.jpg
657264767_1408959447946572_6948152128572550992_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 24.03.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр орун алды.

Мэриянын маалыматына ылайык, Октябрь районунун жаңы акими болуп Жолдош Чуштуков дайындалды. Ал буга чейин “Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору кызматын аркалап келген.

Ал эми “Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору кызматына Максатбек Арынов дайындалды. Ал мурда Бишкек шаарынын мэриясынын мобилизацияланган резервинин материалдарын сактоо кызматынын директору болуп иштеген.