Бишкек, 05.10.26 /Кабар/. Свердлов районунда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган майрамдык иш-чара өттү. Бул тууралуу аталган райондук администрациядан билдиришти.
Иш-чара А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү.
Салтанатта билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген мугалимдерге Ардак грамоталар, Ыраазычылык каттар жана эстелик белектер тапшырылды. Ошондой эле “Жылдын мыкты мугалими-2026” райондук сынагынын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери сыйланды.
Иш-чаранын соңунда опера жана балет театрынын артисттери концерттик программа тартуулашты.