Бишкек, 13.09.26 /Кабар/. Жогорку жана атайын кесиптик орто окуу жайлардын профессордук-окутуучулук курамы арасында спорттук мелдештин экинчи этабы башталды.
Иш-чараны Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети уюштурду.
Мекеменин маалыматына караганда, мелдешке 63 команда катышып, алар спорттун беш түрү — волейбол, футбол, тогуз коргоол, шахмат жана стол тенниси боюнча күч сынашат.
Кесиптик бирликтин борбордук комитетинин төрагасы С. Боенов мелдештин максаты спорттук таймаш менен гана чектелбестен, кызматкерлердин ынтымагын бекемдөө, тажрыйба алмашуу жана жаңы окуу жылына мотивация берүү экенин белгиледи.
Спорттук иш-чаранын экинчи этабы эки күнгө созулат.