Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Абдылдаев Азамат Курманбекович Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Чүй райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы кол койду.
Абдылдаев Азамат Курманбекович 1978-жылдын 17-июнунда Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Шамшы айылында туулган.
2001-жылы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетин аяктап, "Товар таануу жана керектөө товарларынын сапатын коммерциялык экспертизалоо" адистиги боюнча жогорку билим алган.
Эмгек жолун 2001-жылы Айыл чарба консультацияларын жана өнүктүрүү кызматтары фондунда консультант болуп баштаган. Ар кайсы жылдары Чүй облусунун мамлекеттик администрациясында, жеке сектордо жана мамлекеттик органдарда жооптуу кызматтарды аркалаган.
2026-жылдын 30-июнунан тартып Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси кызматын аркалап келген.