Кубанычбек Асылбеков "Бишкекшаарлифт" ишканасынын директору болду

Кадрлар жана дайындоолор
Кубанычбек Асылбеков "Бишкекшаарлифт" ишканасынын директору болду
copyright icon Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 24.02.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Асылбеков Кубанычбек Жумабекович «Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.