КРВИ жана сасык тумоо: Абал туруктуу, бирок этияттык зарыл

Ден соолук Загрузка... 24 Февраль 2026 14:14
c16da21d5eb662b93d3.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 24.02.26. /Кабар/. Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) жана сасык тумоого байланыштуу эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-февралдан 22-февралга чейин республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун 9 119 учуру катталды. Бул көрсөткүч өткөн жумага салыштырмалуу 13,7%га төмөндөгөн.

Бардык оорулуулардын 72%ын 14 жашка чейинки балдар (6 568 учур) түзөт. Оорулуулардын 11,8%ы (1 075 учур) ооруканага жаткырылган.

Министрлик сасык тумоо жана курч респиратордук инфекциялардан сактануу боюнча бир катар кеңештерди сунуштайт:

  • Жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду жана мурунду салфетка же чыканактын ички бөлүгү менен жабуу;
  • Организмди суукка же ашыкча ысыкка алдырбоо;
  • Өзүңүздү начар сезсеңиз же сасык тумоонун белгилери байкалса — үйдө калуу;
  • Колду дайыма жууп туруу, бөлмөлөрдү үзгүлтүксүз желдетүү жана нымдуу тазалоо жүргүзүү;
  • Таза абада сейилдөө, жетиштүү уйку жана туура тамактануу;
  • Таңкы гимнастика жасап, дене тарбия менен машыгуу;
  • Бала ооруп калса — толук айыкканга чейин мектепке же бала бакчага жибербөө жана үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу;
  • Эл көп жерде беткап тагуу жана социалдык аралыкты сактоо.

КРВИ жана сасык тумоонун белгилери пайда болгондо өз алдынча дарыланбастан, катталган жер боюнча үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу сунушталат.