КРСУда “Тилдин ар түрдүүлүгү жана маданияттар аралык диалог” аттуу конференция өттү

Коом 25 апрель 2025 15:00
WhatsApp Image 2025-04-25 at 11.30.03 (1).jpeg
8f032490-03ad-463b-8858-9a15b9ba2730.jpg
ab5381fc-3531-4322-8a08-98b064388f98.jpg
c3d16605-bad4-4296-ad46-4fad75fac7c7.jpg
18bca496-69f8-4c8b-8d83-0512952d548c.jpg
0ab55797-c5e6-4855-bf2b-099fd74bd00d.jpg
4c3837eb-f422-4d38-86b1-ef8902b38256.jpg
16fc979a-bc6c-4958-a5e6-ffe599237621.jpg
f2d0da0e-d4f8-4832-8a90-f8444d2b3716.jpg
0bb29a2f-5127-4bea-a0c3-c5ea7ad575ff.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon КРСУ

Бишкек, 25.04.25. /Кабар/. Бүгүн Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинде (КРСУ) Илим жана инновациялар күнүнө карата “Тилдин ар түрдүүлүгү жана маданияттар аралык диалог” темасында эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

Окуу жайдан билдиришкендей, конференция тилдердин өз ара аракеттенишүүсүн, иштешин жана сакталуусун изилдөөдө илимий коомчулуктун күчүн бириктирүү, ошондой эле тил үйрөнүү жана окутуу ыкмаларын маданий мурастарды сактоонун каражаты катары кароо максатын көздөйт. Өзгөчө көңүл көп тилдүүлүктү жөнгө салуу моделдерин полиэтникалык коомдордо талдоого бурулду.

Иш-чаранын ачылышында КРСУнун илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору Евгений Шекунов менен Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Алманбет Матубраимов катышуучуларга кайрылуу жасады.

Пленардык жыйында Кыргызстан, Россия жана Испаниянын алдынкы окумуштуулары докладдар менен чыгып сүйлөштү. Окутуучулар заманбап тилдик процесстерди баяндамаларда чагылдырды.

Мындан тышкары, конференциянын алкагында “Тилдин ар түрдүүлүгүнүн когнитивдик аспектилери” аттуу секциялык жыйында көп тилдүүлүк, маданияттар аралык диалог, тил жана иденттүүлүк, тилдердин когнитивдик өзгөчөлүктөрү жана чет тилдерди окутуу ыкмалары сыяктуу актуалдуу темалар талкууланды.

КРСУдан белгилешкендей, конференция илимий идеялар жана практикалык тажрыйбалар менен алмашуу үчүн маанилүү аянтча болуп, тил саясаты жана маданияттар аралык байланыштар боюнча кызыгуунун жогору экенин көрсөттү. Ошондой эле окуу жайдан иш-чара жаш адистердин илимий изилдөөлөргө болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзгөндүгүн кошумчалашты.