Криштиану Роналду футбол тарыхында жаңы рекорд жаратты

Дүйнө Загрузка... 25 Август 2025 14:23
WhatsApp Image 2025-08-25 at 13.20.18.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.08.25. /Кабар/. Сауд Арабиясынын Суперкубогу үчүн өткөн беттеште “Аль-Наср” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду командасы үчүн 100-голун киргизип, футбол тарыхында жаңы рекорд койду. Бул тууралуу “Правила жизни” басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Роналду төрт ар башка клуб үчүн 100дөн ашык гол киргизген дүйнөдөгү биринчи футболчу болду. Тактап айтканда, ал "Реал Мадрид" үчүн – 450 гол, "Манчестер Юнайтед" үчүн – 145, "Ювентус" үчүн – 101 жана "Аль-Наср" үчүн – 100 гол киргизген.

"Аль-Наср" менен "Аль-Ахли" ортосундагы беттеш 23-августта Гонконгдо өтүп, негизги убакыт 2:2 эсебинде аяктаган.

40 жаштагы португалиялык чабуулчу “Аль-Наср” клубуна 2023-жылы кошулуп, быйыл июнь айында келишимин 2027-жылга чейин узарткан. Ал Португалия курама командасы менен Европа чемпиону (2016) жана УЕФА Улуттар Лигасынын эки жолку жеңүүчүсү болуп саналат. Карьерасында "Спортинг", "Манчестер Юнайтед", "Реал Мадрид" жана "Ювентус" клубдарында да ойногон.