Криптовалюта рыногу бир суткада он миллиард долларга жакын жоготту

Дүйнө Загрузка... 11 Октябрь 2025 11:10
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 11.10.25. /Кабар/. Криптовалюта рыногу акыркы суткада он миллиард долларга жакын жоготту, деп билдирет Bloomberg Coinglass биржалык агрегаторунун маалыматтарына таянып.

"Криптовалюта рыногундагы алсыздык жума күндөн бери эле сезилип турган. Coinglass маалыматына ылайык, акыркы 24 саатта апрель айынын башынан бери болгон эң ири жоюу толкунунда он миллиард долларга жакын каражат жоюлду", — деп жазат агенттик.

Атап айтканда, АКШ президенти Дональд Трамптын Кытайга каршы жаңы чаралар тууралуу айткан сөздөрүнөн кийин акыркы сааттарда трейдерлер жети миллиард доллардан ашык суммадагы позицияларды жоюшкан.

Ошол эле учурда Ак үйдүн кожоюнунун билдирүүсүнөн кийин биткоин 12 пайызга арзандады.

Bloomberg`дин маалыматы боюнча, бул апрель айынын башынан берки эң көп төмөндөө болду.