Түрк маданияты жана мурасынын фондунун колдоосу менен Кыргызстанда айрым тарыхый объекттер реставрацияланып, бир катар маданий долбоорлор ишке ашырылат. Бул тууралуу Кыргызстан мүчөлүк кылган эл аралык уюмдун президенти Актоты Райымкулованын “Азия Европа” журналына берген маегинде билдирди.
- Түрк дүйнөсүнүн маданиятын жана мурасын сактоо жана жайылтуу багытында түзүлгөн фонддун тарыхы тууралуу айтып берсеңиз.
- Түрк маданияты жана мурасы фонду – түрк элдерининбай маданий мурасын сактоо, изилдөө жана жайылтуу максатында түзүлгөн эл аралык уюм. Уюм түрк дүйнөсүнүн орток маданий баалуулуктарын жандандыруу, аларды кийинки муунга өткөрүп берүү багыты боюнча маанилүү долбоорлорду ишке ашырат. Фонддун түзүү чечими Азербайжандын президентинин демилгеси жана Кыргызстан, Казакстан жана Түркиянын президенттеринин колдоосу менен 2012-жылдын 23-августунда Бишкек шаарында өткөн Түрк Кеңешинин (учурда Түрк мамлекеттердин уюму) отурумунда кабыл алынган. Уюмдун штабы Азербайжандын борбору Баку шаарында жайгашкан. 2015-жылдын 11-сентябрда Астана саммитинде Фонддун президенти болуп Гүнай Эфендиева кызматтык милдетине киришкен. 2023-жылдын 3-ноябрда Астанада өткөн Түрк мамлекеттеринин уюмунун саммитинде жетекчилердин чечими менен ТММФнын президентинин кызматына кириштим.
Уюм түрк элдеринин маданий мурастарын коргоо, изилдөө жана өнүктүрүүгө багытталган илим изилдөөлөрдү жүргүзүп, маданий эстеликтерди реставрациялоо, адистерди даярдоо программасы, конференциялар, көргөзмөлөр жана академиялык басылмаларды чыгаруу сыяктуу масштабдуу долбоор ишке ашырып жатат. Ушундай эле, «Түрк дүйнөсүнүн келечеги – 2040» жана «TURKTIME» стратегиялык документтерге ылайык, түрк элдеринин тарыхый, маданий жана руханий байланыштарын бекемдөө боюнча ишибиз уланууда.
2024-жыл фондубуз үчүн маанилүү долбоорлорго жык толгон жемиштүү жыл болду. Реставрация, музейлештирүү, илимий изилдөө, билим берүү ишмердүүлүгү жана чыгармачылык долбоорлорду камтыган 75тен ашык ири долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырдык. Тактап айтканда, Астана саммитинин декларациясына ылайык, кыргыздын залкар акыны Алыкул Осмоновдун Бишкектеги үй-музейин реставрациялоо иштери аяктады. Түрк маданий мурасын кеңири жайылтуу максатында көп тилдүү каталог түзүлүүдө. Келечекте аны санариптик платформага айландыруу пландалууда. ЮНЕСКО менен биргеликте түрк эпостору жана салттуу искусство түрлөрүн кошкондо көп улуттуу номинацияларды координациялоодо.
“Алпамыс баатыр” эпосу сыяктуу маанилүү чыгармалар боюнча эл аралык конференцияларды уюштуруп, материалдык эмес маданий мурастарыбызды дүйнөлүк деңгээлде көрсөтүүнү улантып келебиз.
2024-жылы Түрк мамлекеттеринин уюму, ТҮРКСОЙ жана Түрк академиясы менен биргеликте Түркмөнстандын Анау шаарын 2024-жылы түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыялоо боюнча иш-чараларды колдоого алып, ЮНЕСКОнун колдоосу менен уюштурулган “Түрк дүйнөсүнүн тарыхый жана маданий мурастарын изилдөө жана коргоо” конференциясына да салым коштук.
Ошондой эле Казакстандын Тамбалы жана Кулан тарыхый аймактарында маданий мурастарды башкаруу боюнча потенциалды жогорулатуу программаларын өткөрдүк. Фондубуз адабий мурастарыбызды жайылтуу максатында «Түрк адабиятынын шедеврлери» жана «Түрк дүйнөсүнүн көрүнүктүү инсандары» аттуу китептер сериясын басып чыгарып, TurkDiscovery YouTube каналы аркылуу медиа-агартуу иштерин улантууда. Жылдын аягында каналга 85 видео жарыяланып, алар 3,6 миллион жолу көрүлүп, туруктуу көрүүчүлөрдүн саны 20 миңден ашты.

ЮНЕСКО тарабынан 2024-2025-жылдары Махмуд Кашкаринин “Диван Лугат ат-түрк” чыгармасын жайылтуу максатында эл аралык көргөзмөлөрдү уюштурдук. Бишкекте башталган бул көргөзмө 2025-жылы түрк дүйнөсүнүн түрдүү маданий мекемелеринде уланат. Ошондой эле Париждеги ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында өткөн конференцияда бул эмгектин азербайжан жана орус тилдериндеги котормолору жарыяланды. Эл аралык иш-чараларга көңүл буруп, түрк дүйнөсүнүн келечегине салым кошуудабыз. 2024-жылы Бишкекте өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун XI саммитинде фонддун иши жогору бааланган. Саммиттин жүрүшүндө Өзбекстан биздин Фонддун толук кандуу мүчөсү болуу ниетин билдирсе, Түркмөнстан байкоочу өлкө катары кирүүгө даяр экенин билдирди.
2024-жылы пландалган 25 долбоордун ордуна үч эсе көп, башкача айтканда 75тен ашык долбоор ишке ашырылган. Фондубуз түрк дүйнөсүнүн маданий мурастарын коргоо жана жайылтуу миссиясын улантып, жаңы демилгелер менен байытууну жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөөнү көздөйт. Бул багыттагы иштерди мындан ары да өнүктүрөбүз жана түрк элдеринин руханий бүтүндүгүн бекемдөө үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз.
- Түрк маданияты жана мурасы фондунун башка эл аралык уюмдар менен кызматташуусу тууралуу айтып берсеңиз.
- Фонд түрк мамлекеттеринин маданий байланыштарын чыңдоо максатында эл аралык уюмдар, илимий мекемелер жана маданий борборлор менен стратегиялык келишимдерди жүргүзүүдө. Фонддун уставына ылайык, фонддун кеңешинин мүчөлөрү мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин деңгээлинде бекитилет.
2024-жылы Азербайжан Республикасы Фонддун Кеңешине төрагалык кылды. Ал эми 2025-жылы Фонддун кеңешине төрагалык кылуу Казакстанга өттү. Буга байланыштуу 2025-жылдын февраль айында Астанада өткөн Фонд кеңешинин жыйынында 2025-2026-жылдарга стратегиялык пландар бекитилип, түрк маданиятын коргоого жана өнүктүрүүгө багытталган демилгелер талкууланды.
Түрк маданияты жана мурасы фонду эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташтыкты түзүп, көптөгөн маанилүү долбоорлорду ишке ашырууда. Фонддун негизги максаты –түрк дүйнөсүнүн маданий мурастарын коргоо, аны дүйнөгө таанытуу жана эл аралык илимий жана маданий байланыштарды чыңдоо. Бул максатта Фонд Түрк мамлекеттеринин уюму Эл аралык Түрк академиясы, ТҮРКСОЙ, ТүркПА жана Түрк инвестициялык фонду менен кызматташат. Бул байланыштын алкагында маданий алмашуу программалары өткөрүлүп, адабиятты, искусствону, салтты даңазалаган иш-чаралар аркылуу түрк маданияты дүйнө коомчулугуна кеңири таанытылууда. Мындан тышкары, жалпы тарыхты жана маданиятты изилдөөгө багытталган илимий долбоорлор ишке ашырылууда. Фондубуз ЮНЕСКО менен тыгыз кызматташтыкта түрк дүйнөсүнө байланыштуу долбоорлорду иштеп чыгууда. Буга байланыштуу тарыхый эстеликтерди коргоо, маданий мурастарды жайылтуу, маданияттар аралык диалогду өнүктүрүү боюнча демилгелер ишке ашырылууда. ЮНЕСКОнун маданий жана билим берүү программаларына активдүү катышып, түрк маданиятын жайылтуу максатында көргөзмөлөр, семинарлар жана эл аралык конференциялар уюштурулууда.
Фонддун башка эл аралык уюмдар менен кызматташуусунун алкагында өткөн жылы 12ге жакын уюм, анын ичинде мамлекеттик мекемелер, университеттер жана медиа аянтчалар менен кызматташуу келишимине кол коюлган. Бул келишимдердин негизинде Фонд эл аралык деңгээлдеги маданий долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алды. Конференцияларды, форумдарды, фестивалдарды, реставрациялоо иштерин жана музей долбоорлорун уюштуруу менен түрк дүйнөсүнүн маданий мурастарын дүйнөлүк масштабда көрсөтүүгө шарттар түзүлүүдө. Ошондой эле илим жана билим берүү тармагында дүйнөнүн түрдүү университеттери жана академиялык мекемелери менен бекем байланыштар түзүлгөн. Түрк маданияты, тарыхы, каада-салты жана искусствосу боюнча биргелешкен илимий изилдөөлөр жүргүзүлүп, конференциялар, симпозиумдар жана академиялык жолугушуулар өткөрүлүүдө. Айрыкча түрк маданиятын модернизациялоо максатында эл аралык академиялык конференциялар уюштурулуп, студенттер жана изилдөөчүлөр үчүн окуу программалары жана окуу курстары сунушталууда.
Түрк маданияты жана мурасы фонду эл аралык платформаларда чечүүчү роль ойнойт. Фонд Казакстандын Астана шаарында өткөн VI Глобалдык маданияттар аралык диалог форумуна, Казакстан-Азербайжан туристтик форумуна, ЮНЕСКО тарабынан уюштурулган «Түрк элдеринин салттуу кийим маданияты жана зер буюмдары» көргөзмөсүнө катышты. Ал 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Алматыда уюштурулган түрк тилдүү журналисттердин 4-Медиа форуму, Женевада өткөн “Түрк дүйнөсү жумалыгы” сыяктуу көптөгөн эл аралык долбоорлорго катышкан. Кошумчалай кетсек, фонддун маанилүү демилгелеринин бири Кыргызстандын Улуттук тарых музейинде Махмуд Кашкариге арналган көргөзмө уюштуруу болду. 2025-жылдын февраль айында Казакстан Республикасынын Улуттук музейинде да тартууланган бул көргөзмө жыл бою Азербайжан, Түркия, Өзбекстан жана Венгрияда көрүүчүлөргө тартууланат.

Жалпысынан Түрк маданияты жана мурасы фонду ишке ашырып жаткан илимий, билим берүү, реставрация жана маданий долбоорлор түрк дүйнөсүнө гана эмес, дүйнөлүк маданий мурастардын байышына да чоң салым кошууда.
- Фонддун түрк дүйнөсүнүн маданий интеграциясын бекемдөө боюнча келечектеги долбоорлору жана пландары менен бөлүшсөңүз.
- Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин “TURKTIME” демилгеси дал ушул максаттарга негизделген. «TURKTIME» долбоорунун алкагында салттарды сактоо, маданий интеграцияны өнүктүрүү, билим берүү жана илимий изилдөөлөрдү чыңдоо, инвестиция жана түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы байланышты арттыруу жана энергетикалык алакаларды бекемдөө сыяктуу сегиз багыт каралган. Фонд бул багыттарды ишке ашыруу үчүн көптөгөн эл аралык уюмдар, илимий мекемелер жана маданият мекемелери менен тыгыз байланыштарды түзүүдө.
2025-жылы түрк дүйнөсүнүн маданиятын, мурасын сактоодо, даңазалоодо, дүйнөгө таанытууда жемиштүү роль ойнойбуз деп толук ишенебиз. Ушуга байланыштуу 2025-2026-жылдары реставрациялык-музейдик, илимий-агартуучулук, тарбиялык жана чыгармачылык багыттарда ишибизди мындан ары да алга жылдырууну чечтик.
Азербайжандын Карабах облусунун Физули районундагы Гочахмедли айылындагы мечитти реставрациялоону баштап, Узеир Хажибейли атындагы XVII Эл аралык музыка фестивалынын алкагында “Түрк дүйнөсүндөгү Озан-ашуг өнөрү: Ашуг Алескердин мурасы” аттуу эл аралык илимий конференция өткөрүүнү пландап жатабыз.
Казакстандын Жамбыл облусундагы түрк дүйнөсүнүн байыркы Кулан шаарын музейлештирүү, тарыхый реконструкцияларды жана мастер-класстарды, ошондой эле Казакстан Республикасынын Улуттук китепканасында 12-кылымга таандык Алтын Куран китебин реставрациялоону камтыган “Ботай жана Туран – түрк дүйнөсүнүн шедеврлери” аттуу илимий семинар уюштурууну пландап жатабыз.
Биз Кыргызстанда «Караханиддер сарайы» объекттин реставрациялоо-музеологиялык иштерди, «Красная речка» тарыхый эстелигин археологиялык-консервациялоо иштерин жүргүзүүгө ниеттенип жатабыз.

Дагы бир демилге Ысык-Көлдө өтүүчү “Рух Санат” эл аралык салттуу музыка фестивалына колдоо көрсөтүү. Бул фестиваль түрк дүйнөсүнүн жаш өнөрчүлөрүнө өз өнөрлөрүн көрсөтүүгө, улуттук музыкасын жайылтууга жана тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк берет.
Түркиянын Газиантеп шаарында «Түрк маданий мурастары боюнча стратегиялык кызматташтык конференциясын» уюштуруу жана түрк дүйнөсүндөгү кыймылсыз маданий мурастар боюнча тажрыйба алмашууга багытталган окуу программасынын экинчи этабын ишке ашыруу сыяктуу потенциалды өнүктүрүү долбоорлору менен уланат.
Фонд өз ишмердүүлүгүнүн алкагында жаштар менен иштөөгө чоң маани берет. Бул контекстте жаш муундардын түрк дүйнөсүнүн маданиятын, мурастарын, тарыхын окуп, үйрөнүүсүнө шарт түзүү максатында Түрк мамлекеттеринин улуттук университеттеринде Түрк мурасы борборлорун ачууну көздөп жатабыз. 2025-жылы Алматыдагы Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде, Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде, ошондой эле Түркияда мындай борборлорду ачууну пландап жатабыз.
Мындан тышкары, түрк дүйнөсүндөгү тарыхый, маданий жана руханий байланыштарды өнүктүрүү максатында «TurkDiscovery» YouTube каналы аркылуу медиа-агартуу иш-чараларыбызды улантабыз жана Венгриядагы түрк маданий мурастарын санариптештирип, санарип документ архивин түзө баштайбыз.
Ошону менен бирге ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине кирген же түрк мамлекеттеринин улуттук мурастарына, ошондой эле материалдык эмес мурастарга кирген маданий жана табигый мурас объекттеринин көп тилдүү каталогун басма жана электрондук түрдө иштеп чыгуудабыз. Бул каталог түрк мурастарынын “TurkHeritage” аттуу санариптик платформасын түзүүгө негиз болуп саналат. Бул багыттагы иштер өткөн жылы башталып, учурда кызуу уланууда.
Маданият министрлеринин туруктуу кеңешинде 2025-жылы“Актау – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” деп жарыяланды. Бул иш-чаранын алкагында биз Эл аралык фольклористтердин конференциясын өткөрүп, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Миромонович Мирзиевдин буйругуна ылайык, түрк мамлекеттеринин иш планына киргизилген түрк фольклорунун көп улуттуу жыйнагын чыгардык.
Белгилүү болгондой, 1926-жылы Бакуда өткөн Бүткүл союздук түркологиянын I курултайынын 100 жылдыгы белгиленет. Бул мааракенин алкагында Азербайжанда пландаштырылган иш-чаралардын алкагында Түрк дүйнөсүнүн илимий институттары менен биргеликте Париждеги (Франция) ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында Бүткүл дүйнөлүк түрк таануу симпозиумун уюштурууга даярдыктарды баштадык.
Жогоруда айтылган иш-чаралар Түрк дүйнөсүнүн маданиятын жана мурастарын, тарыхын жана руханиятын кийинки муундарга сактоого, жайылтууга жана даңазалоого чоң салым кошот деп терең ишенебиз.
- Түрк дүйнөсүнүн жаш окумуштууларын, жазуучуларын, сүрөтчүлөрүн колдоо боюнча кандай иштер аткарылып жатат? Фонддун түрк жаштарын колдоо боюнча кандай долбоорлору бар?
- Фонддун маанилүү демилгелеринин бири – түрк дүйнөсүнүн жаш изилдөөчүлөрү, илимпоздору жана сүрөтчүлөрү үчүн тажрыйба алмашуу жана билимин өркүндөтүү программаларын уюштуруу. Бул программа жаш адистерге түрк маданиятын, тарыхын жана мурастарын үйрөнүүгө жана кесиптик чеберчиликтерин жогорулатууга мүмкүндүк берет.
2024-жылы уюмда Түркиянын Стамбул шаарында түрк маданий мурастарын башкаруу боюнча тажрыйба алмашуу программасы уюштурулуп, ага Фондго мүчө мамлекеттердин улуттук маданий коруктарынын жетекчилери чакырылган. Мындай демилгелер Казакстандын Тамбалы жана Кулан тарыхый шаарларында ишке ашырылып, жаш окумуштуулар менен изилдөөчүлөрдүн тарыхый-маданий объектилерди изилдөөгө катышуусуна шарттар түзүлдү. 2025-жылы бул программаларды кеңейтүү жана Түркиянын бардык мамлекеттеринде өткөрүү пландалууда.

Фонд түрк дүйнөсүнүн жаш жазуучуларын колдоо максатында 2024-жылы “Түрк адабиятынын берметтери”, “Түрк адабиятынын илимий берметтери” жана “Түрк дүйнөсүнүн көрүнүктүү инсандары” аттуу атайын китептер сериясын чыгара баштаган. Бул демилгенин алкагында атактуу казак балдар адабиятынын классиги Бердибек Сокпакбаевдин “Менин атым Хожа” аңгемеси, белгилүү түркмөн акыны Махтымкулы Фрагинин “Мен ашыкмын” ырлар жыйнагы жана азербайжан элинин көрүнүктүү акыны Мухаммед Физулинин “Физули – 530 ыр” китебинин казакча котормосу жарык көрдү. Жакынкы жылдары бул китеп жыйнактарынын алкагында түрк дүйнөсүнүн башка көрүнүктүү жазуучуларынын чыгармалары бир нече түрк тилдерине которулуп, кеңири жайылтылат.
Жаш изилдөөчүлөр үчүн Фонддун дагы бир масштабдуу долбоору Париждеги ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында уюштурулган Бүткүл дүйнөлүк түрк таануу симпозиуму. 2026-жылы Биринчи Бүткүл союздук түркология фондунун 100 жылдыгына карата Баку шаарында өтө турган бул симпозиум жаш түркологдорго өз изилдөөлөрүн эл аралык деңгээлде көрсөтүүгө жана дүйнөлүк илимий коомчулук менен тажрыйба алмашууга шарт түзөт.
Фонддун 2025-2026-жылдарга стратегиялык пландарына ылайык, түрк элдеринин жаш муундарына багытталган колдоо долбоорлору мындан ары да кеңейтилет. Жаштарды илимий изилдөө иштерине жигердүү тартууга, алардын чыгармачылык жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө шарттарды түзүү боюнча жаңы демилгелер көтөрүлөт. Түрк маданияты жана мурасы фонду алдыдагы жылдары жаштар үчүн билим берүү, илимий жана маданий долбоорлорду көбөйтүп, аларды түрк дүйнөсүнүн келечектеги лидерлери кылып даярдоого өзгөчө көңүл бурат.