Бишкек, 14.11.25. /Кабар/. Францияга болгон иш сапардын алкагында саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев баштаган кыргыз делегациясы Париждеги бир катар алдыңкы медициналык мекемелеринде болушту.
Ведомстводон маалымдашкандай, алар адистештирилген медициналык жардамды жана бейтаптарды реабилитациялоону уюштуруу боюнча тажрыйба менен таанышты.
Делегация алгач Адольф де Ротшильд фондунун ооруканасына (Hôpital Fondation Adolphe de Rothschild, HFAR) барды. Бул Европадагы нейрохирургия, неврология жана офтальмология боюнча алдыңкы борборлордун бири болуп саналат. Сапардын жүрүшүндө кыргыз тарап неврологиялык ыкчам жардам көрсөтүү системасы, инсульт алган бейтаптарды багыттоо процесси, ошондой эле ооруунун курч стадиясынан кийинки реабилитация жана калыбына келтирүү иштеринин уюштурулушу менен таанышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында ыкчам неврология жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу боюнча меморандумга кол коюу тууралуу макулдашууга жетишилди. Ошондой эле Кыргызстан менен аталган оорукананын дарыгерлери ортосунда тажрыйба алмашууну уюштуруу пландалды.
Андан соң министр жана делегация Париждеги ооруканалар тармагынын эң ири борборлорунун бири болгон Жорж Помпиду атындагы Европа ооруканасына (Hôpital Européen Georges-Pompidou, AP-HP) барышты. Бул борбор кардиология жана травматология тармактарында ыкчам жардам көрсөтүүдө адистешкен.
Жолугушуу маалында тараптар ыкчам медициналык жардам жаатында кесиптик тажрыйба алмашуу жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Оор абалдагы бейтаптарды дарылоо боюнча туруктуу видеоконференцияларды өткөрүү тууралуу макулдашылды. Бул адистер ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө жана Кыргызстандагы бейтаптарды дарылоонун сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Бул сапарлар саламаттык сактоо жаатындагы инвестиция жана кызматташуу боюнча биринчи кыргыз-француз форумунун программасынын алкагында өтүп, Кыргызстан менен Франциянын медициналык мекемелери ортосунда кесиптик жана технологиялык байланышты өнүктүрүүгө багытталды.