Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө.
Транспорт жана коммуникация министрлигинен билдиришкендей, “Кыргызавтожол-Түштүк” жана "Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан атайын кезмет уюштурулуп, өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.
"Эсиңизде болсун! Унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоо - кырсыкты алдын алып, жол коопсуздугун камсыздайт",-деп айтылат маалыматта.