Көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү - ӨКМ

Кырсык 13 Июнь 2025 13:43
506397269_1116279260544799_5558653090268722254_n.jpg
506293136_1116279307211461_5639538861742080927_n.jpg
506216995_1116279263878132_8009991293180828312_n.jpg
Алдыга
Артка
506397269_1116279260544799_5558653090268722254_n.jpg
506293136_1116279307211461_5639538861742080927_n.jpg
506216995_1116279263878132_8009991293180828312_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 13.06.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын Октябрь районунун Токомбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 2-кабатында электр калканынан чыккан өрт саат 13:19да толук өчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм жана штаб тартылган.

Өрттүн кесепетинен 54 жаштагы эркек киши түтүнгө ууланып, тез жардам кызматы тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Абалы жакшы.