Бишкек, 09.05.25. /Кабар/. Кожон Нурманбетов Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Ал советтик-финдик согушка катышып, Брест чебин коргоп, Курск салгылашында өзгөчөлөнүп, анын жыйынтыгында стратегиялык демилге Кызыл Армиясынын колуна өткөн. Улуу Ата Мекендик согуштун кандуу салгылашууларына катышкан ар бир жоокердин эрдигиндей эле кыргыз жоокери Кожондун эрдиги да баа жеткис. Бүгүн биздин өлкө Жеңиштин 80 жылдыгын белгилеп жаткан учурда, биз кыргыз жоокерлеринин фашизмге каршы жана тынчтык үчүн жасаган эрдигин эстебей коё албайбыз.
Архивдик документтерден…
"Орловск-Курск салгылашууларында өзгөчөлөнгөндөрдүн арасында Брест чебин коргоого катышкан кыргызстандык Кожон Нурманбетов да болгон. Кожон 214-гвардиялык полктун курамында Курсктагы чоң салгылашуулардын күндөрүндөгү маанилүү учур болгон Белгороддун алдындагы салгылашууларга катышкан.
Экинчи дүйнөлүк согуштун эң ири салгылашууларынын бири болгон Курск салгылашы Советтер Союзунун фашисттик Германияны жеңген жолундагы маанилүү этап болду. Чындыгында Курск салгылашуусунда советтик аскерлердин жеңиши эбегейсиз зор стратегиялык жана саясий мааниге ээ", - деп айтылат тарых илимдеринин доктору Орозбек Сагынбаевдин "Кыргызстандын 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун фронтторунун катышуучулары. Тажрыйба жана сабактар: стереотиптерди жеңүү" деген диссертациясында.
Бул маанилүү салгылашууда Чүйдүн айылынан чыккан кыргыз жоокери Кожон чоң роль ойногон. Ал Курскта катуу жарадар болуп, экинчи топтогу майыптуулукту алып, туулган жерине кайтып келген.
Кожон Нурманбетовдун сыйлыктарынын арасында Кызыл Жылдыз, 2-даражадагы Ата Мекендик согуштун ордендери жана башка медалдар бар...

Сүрөттө Кожон Нурманбетов жубайы Кукун менен
Кызынын эскерүүлөрүнөн...
"Атам 1917-жылы Сталин районунда (азыркы Чүй облусунун Москва району) туулган. 1939-жылы ал аскерге чакырылып, 1941-жылы согушка аттанган, ал кезде 24 жашта болчу. 1943-жылы Курск согушуна катышып, оор жарадар болуп, мекенине кайтып келген", - дейт Кожон Нурманбетовдун кызы Роза.
"Кичинекей кезим эсимде, апамдан атамдын согуштан аксап келгенине капа болдубу деп сурасам, ал: "Кызым, анын үйгө тирүү келгенине абдан сүйүнгөнбүз! Биздин айылда согуштун ошол каардуу күндөрүндө дээрлик ар бир үйгө атасынын, баласынын, бир тууганынын каза болгондугу тууралуу "кара кагаз" келген. Мындай кабардан кийин ыйларды укканда жүрөгүм сыздап кеткени азыр да эсимде. Ошондуктан атаң жарадар болсо да тирүү келгенде сүйүнгөнүбүздөн ыйлаганбыз", - деген апам.
"Атамдын колдору менен далысында тырыктар бар болчу. Муундары катуу ооруйт эле, анткени ал муздак аңдарда жана тоңгон жерде көпкө жатып калган. Ал бир жолу кезектеги салгылашуудан кийин каза болгон жолдошторунун арасында эс-учун жоготкон абалда көпкө жатып калганын айткан. Көзүн ачкан маалда немистер жакын жерлерде ары-бери басып, аскерлерди таяк менен чукулап, тирүү калгандарды издеп жатканын көргөн. Өлүм жакындап бараткандай сезилген, бирок, ошол күнү атам аман калган".
Ошондой эле Роза Кожоновна атасы томат пастасы кошулган тамакты жей албаганын, жесе да дароо кусуп жиберчү деп эскерет.
"Мен кийин билдим, фронтто томат пастасынан башка жегенге эч нерсе жок күндөр болгонун, жадакалса нан да болгон эмес. Ошондо алар айла жоктон пастаны жеш керек болчу. Ал ошондон бери пастаны көргүсү келчү эмес".
Кичинекей кызынын эсинде ушулар гана калды, бирок бул бир жагынан жакшы болсо керек. Ошол каргашалуу күндөрдүн эскерүүлөрү абдан азаптуу жана кайгылуу болгондуктан, ардагер алар менен бөлүшүүнү жактырчу эмес. Кожон ар бир 9-майда телевизордон көргөн даректүү тасмалардагы кадрлар ошол каргашалуу күндөрдүн окуяларын анын эсине салып турчу.
Анан көздөрүнүн жашын аарчыганда кызынын "эмне болду?" деген суроосуна "баары жакшы кызым", — деп гана жооп берчү.
Согуштан кийин Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Большевик айылында жашап, партиялык уюштуруучу болуп иштеген. Ал кадыр-барктуу инсан болуп, айылын өнүктүрүүгө чоң салым кошкон. Анын жети баласы болгон: алты уул жана бир кыз. Ал бардыгын татыктуу инсан кылып тарбиялап, билим берди.
Кожон Нурманбетов 1997-жылы февраль айында каза болгон, бирок анын элеси ар дайым тирүү. Эч ким, эч качан унутулбайт...