Бишкек, 28.10.25. /Кабар/. Кот-д'Ивуардын учурдагы президенти Алассан Уаттара 25-октябрда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жетип, төртүнчү мөөнөткө кайра шайланды. Бул тууралуу БелТА агенттиги кабарлайт.
Маалыматка караганда, өлкөнүн шайлоо комиссиясы шайлоо жыйынтыгын жарыялап, экинчи тур өтпөй турганын белгиледи.
Уаттара добуштардын 89,77%ын алган. Калган добуштар башка төрт талапкердин ортосунда бөлүштүрүлдү.
83 жаштагы Уаттара 14 жылдан ашык убакыттан бери мамлекет башчысы кызматын аркалап келет. Ал биринчи жолу 2010-жылдын ноябрында болгон президенттик шайлоодо жеңишке жеткен.