Бишкек, 14.11.25. /Кабар/. Кытайдын "Шэньчжоу-20" космос кемесинин экипажы эртең Жерге кайтып келүүнү пландап жатканын Синьхуа агенттиги билдирди.
Кытайдын Адам менен космоско учуу программасы боюнча башкармалыгы маалымдагандай, экипаждын Дунфэн конуу аянтчасына (Ички Монголия автономдук району) конуусу 14-ноябрга белгиленген.
Экипаждын кайтуусу башында 5-ноябрга пландалган, бирок «Шэньчжоу-20» кемеси майда космос калдыгы менен кагылышты деп болжолдонгон окуяга байланыштуу конуу жылдырылган.
Маалыматка караганда, экипаждын мүчөлөрү Чэнь Дун, Чэнь Чжунжуй жана Ван Цзе өздөрүн жакшы сезип жатышат, учурда конуу аянтчасы жана ага байланышкан бардык системалар аларды тосуп алууга даярдалып жатат.