Бишкек, 02.04.26. /Кабар/. Чүй облусунун Чүй районундагы Алчалуу айылында жайгашкан Кошой–Алчалуу–Кызыл-Аскер унаа жолунда асфальт-бетон төшөө иштери башталды. Бул тууралуу “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган унаа жолдун жалпы узундугу 13 чакырымды түзөт.
"Учурда 5,7–6,6-чакырым аралыгында жол катмары жаңыланууда. Быйылкы жылга 2 чакырым жолго асфальт төшөө мерчемделген", — деп айтылат маалыматта.