Кош бойлуулук учурунда жана төрөттөн кийинки кооптуу белгилер: Эмнени билүү керек?

Ден соолук Загрузка... 06 Апрель 2026 17:30
WhatsApp_Image_2026_ef9uSYT.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 06.04.26 /Кабар/. Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору аялдарга кош бойлуулук учурунда жана төрөттөн кийинки тез медициналык жардамды талап кылган кооптуу белгилерди эскертти.

"Көпчүлүк учурда кош бойлуулук кадимкидей өнүгүп, дени сак баланын төрөлүшүнө алып келет. Бирок кош бойлуулукту татаалдаштырып, сиздин жана балаңыздын өмүрүнө коркунуч келтириши мүмкүн болгон кооптуу белгилер жөнүндө билүү маанилүү", — деп белгилешти адистер.

Эң негизги кооптуу белгилер:

  • Кош бойлуулуктун кайсы гана этабында болбосун, төрөт каналдарынан кан агуу өтө кооптуу. Төрөттөн кийин бөлүнүп чыккан суюктуктун көлөмү азайышы керек; эгер ал тескерисинче көбөйсө, бул кооптуу белги болуп саналат.
  • Көздүн алдында тактар пайда болгон катуу баш оору — кан басымынын жогорулашынын белгиси. Ошондой эле беттин жана колдун тездик менен шишиши, заарадагы белок, токтоно албай кусуу жана талма кирүү да ушул абалга кирет.
  • Ичтин катуу оорушу, толгоо жана суунун эрте жарылышы (37 жумага чейин) — мөөнөтүнөн мурда төрөт коркунучун билдирет.
  • Түйүлдүктүн кыймылынын жоктугу же кескин басаңдашы жатын ичиндеги түйүлдүктүн абалынын начарлашын же өлүмүн билдириши мүмкүн.

Төрөттөн кийинки абалга көңүл буруңуз:

  • Температуранын 38,5°Cден жогору болушу сүт бездеринде же репродуктивдик системада инфекция бар экендигинин белгиси. Бул эмчектин кызарышы, шишиши жана оорушу же жагымсыз жыттуу суюктуктун бөлүнүп чыгышы менен коштолот. Мындай абал кандын ууланышына алып келиши мүмкүн.

"Эгерде бул белгилердин бири эле пайда болсо, дароо жакынкы төрөт үйүнө же дарыгерге кайрылышыңыз керек", — деп белгиленет маалыматта.