Бишкек, 05.03.26. /Кабар/. Бүгүнкү күндө өлкөнүн саламаттык сактоо системасында 2 167 төрөт, 741 гинекологиялык жана кош бойлуулуктун патологияларын дарылоо үчүн 521 орун бар. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмоновдун катышуусунда өткөн перинаталдык кызматтын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана 2030-жылга чейинки өнүктүрүү пландары талкууланган жыйында белгилүү болду.
Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, өлкөдө перинаталдык жардам медициналык тейлөөнүн баскычтуулугун жана ырааттуулугун камсыз кылган үч деңгээлдүү система боюнча уюштурулган.
Жогорку деңгээлдеги адистештирилген көмөктү Эне жана баланы коргоо улуттук борбору, Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борбору жана Ош облустар аралык ооруканасынын төрөт үйү көрсөтүп келет.
Кош бойлууларды төрөткө чейинки көзөмөлгө алуу туруктуу түрдө жогору болуп, 91,7 пайызды түздү. Ошондой эле Талас жана Ош облустарында жаңы перинаталдык борборлор курулууда, бул аймактардагы айымдар үчүн адистештирилген жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатат.
2030-жылга чейин перинаталдык кызматты өнүктүрүүнүн алкагында төмөнкү иш-чаралар пландалууда:
- акушердик-гинекологиялык жардамды профилактикага басым жасоо менен оптималдаштыруу;
- кош бойлууларды мониторингдөө жана бейтаптарды багыттоо (маршрутизация) тутумун өркүндөтүү;
- төрөткө чейинки байкоо жүргүзүү стандарттарын кайра карап чыгуу;
- пренаталдык скринингдин заманбап технологияларын киргизүү жана генетикалык лаборатория түзүү;
- үй-бүлөнү пландоо жана аялдарды кош бойлуулукка чейинки даярдоо иштерин өнүктүрүү;
- аймактык стационарлар үчүн дистанттык кеңеш берүүнү (телемедицина) киргизүү;
- материалдык-техникалык базаны чыңдоо.
Программанын башкы максаты — энелерге жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга көрсөтүлүүчү жардамдын сапатын жогорулатуу, ошондой эле өлүмдүн деңгээлин төмөндөтүү.