Жакында “Чалдовар” бажы постундагы коррупциялык схемага тиешеси бар 20дан ашуун кызматкердин кармалышы Кыргызстандагы мамлекеттик түзүмдөрдө коррупция кандай масштабга жана тереңдикке жеткенин дагы бир жолу ачык көрсөттү.
Коррупцияга каршы күрөштүн алдыңкы өкүлү, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, президент Садыр Жапаровдун командасы бийликке келгенден бери коррупция менен аёосуз күрөш башталган. Бирок, мамлекеттик органдардагы коррупциянын деңгээли алигиче жогору бойдон калууда.
Буга мисал катары, салык кызматынын кызматкерлери, Чек ара кызматындагы аскер кызматкерлери, Транспорт министрлигине караштуу Тараза көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлери, Айыл-чарба министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча кызматынын кызматкерлеринин катышуусунда уюштурулган коррупциялык схеманын уюштуруучуларынын кармалышын айтсак болот.
Коррупциянын бүгүнкү күндө дагы жок болбой келе жатышын анын тарыхый контексти менен түшүндүрүүгө мүмкүн. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин мамлекеттик институттарды нөлдөн баштап кура баштаган. Бирок, натыйжалуу башкаруу системасын түзүүдө олуттуу кыйынчылыктарга туш келген.
Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарын эске салалы. 1991-жылы СССРден эгемендүүлүк алынганда, элдин арасында чоң үмүт, эйфория, жакшы келечекке ишеним күч болгон. Бул мезгил демократиялык баалуулуктарга өтүү, мамлекеттүүлүктү бекемдөө, социалдык-экономикалык турмушту жакшыртуу аракеттери менен коштолгон.
СССРдин көп жылдык таасиринен кийин көз карандысыздык жарыяланганда элдин аң-сезиминде эркиндикке, жаңы жана жакшы коомго үмүт жаратылган. Экономикада, саясатта, коомдук турмушта реалдуу өзгөрүүлөр күтүлгөн.
Бирок бул күтүүлөр катуу реалдуулук менен кагылышты. Коомдук кызыкчылыктан жеке кызыкчылыкты жогору койгон адамдар бийликке келип, коррупция жана башка терс көрүнүштөр күч ала баштады. Бул биринчи кезекте бийлик жана көзөмөлдөөчү органдардын ишине терс таасирин тийгизди.
Башка постсоветтик өлкөлөрдөй эле Кыргызстанда да коррупция кылмыш катары эмес, "маселени чечүүнүн" адаттагы жолу катары кабыл алына баштаган. Узак жылдар бою пара берүү жана алуу көнүмүш көрүнүшкө айланып, коомдо адат катары калыптанган.
Бул көрүнүш тарыхый жана маданий контекст менен, ошондой эле укуктук жана социалдык нормалардын калыптанышындагы өзгөчөлүктөр менен түшүндүрүлөт. Натыйжада коррупция мамлекетке болгон ишенимди солгундатып, социалдык теңсиздикти күчөткөн.
Чабал институттар жана алсыз көзөмөл системалары чиновниктерге жазасыз калуу мүмкүнчүлүгүн берип келген. Натыйжада, мамлекеттик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу, жеке кызыкчылыкка багыттоо адатка айланган. Бул кезде жөнөкөй жарандар же маалыматтан куру калган, же туура эмес маалымат менен чектелген. Ал эми коррупционерлердин жазаланбай калуу ишеними күчөгөн.
2025-жылдын башында коррупцияга каршы мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, жоопкерчилик күчөтүлдү. Бул мыйзамдар мамлекеттик органдардагы коррупцияны азайтууга багытталган.
Колдоо документинде төмөнкүдөй айтылат:
«Учурда саясий жетекчилик коррупциянын бардык түрүнө каршы аёосуз күрөш жүргүзүп жатат. Алгылыктуу жыйынтыктарга жетишип, коомчулук тарабынан да бул аракеттер колдоого алынып, олуттуу өзгөрүүлөр байкалууда. Бирок, ага карабастан, мамлекеттик органдардагы коррупциянын деңгээли дагы эле жогору бойдон калууда».
Коррупция, биринчиден, мамлекеттик органдарга болгон ишенимди азайтат, мыйзамдуулукка шек келтирет, экинчиден, коомдогу теңсиздикти күчөтөт жана жарандардын жашоо сапатына терс таасирин тийгизет; үчүнчүдөн, ички жана тышкы инвесторлор үчүн өлкөнүн жагымдуулугун төмөндөтөт, бул болсо экономикалык өнүгүүгө тоскоолдук кылат.
Ушундан улам коррупцияга каршы жарыяланган аёосуз күрөш улана берет.
Жаңы мыйзам боюнча, коррупция үчүн айып пул менен эле кутулуу мүмкүн эмес – күнөөлүүлөр реалдуу түрмө мөөнөтүн алышат. Мындан тышкары, алар өмүр бою мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыратылып, мамлекеттик органдарда иштеген жакындары да кызматтан четтетилет.
Камчыбек Ташиев мындай деди:
"Баарына, өзгөчө мамлекеттик кызматкерлерге эскертким келет, кийин "билбей калыптырбыз" дебегиле. Коррупцияга каршы күрөштү баштаганда биздин күчүбүзгө ишенбей, шылдыңдашкан. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш башталганда да ошондой болгон. Бирок бүгүнкү күндө Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор жок деп ишенимдүү айта алам. Коррупция менен күрөшүү оор, бирок биз аны түп-тамыры менен жок кылууну максат кылып жатабыз жана быйыл ага жетебиз".
Кыргызстандагы коррупция – жөн эле кылмыш эмес, бул мамлекеттүүлүктүн, баалуулуктардын жана башкаруу маданиятынын деградациясынын системалуу кесепети. Аны билим берүү системасынан тарта бардык деңгээлдеги мамлекеттик институттарда комплекстүү өзгөртүү менен гана токтотууга болот.
Бүгүн Кыргызстан алдында тарыхый мүмкүнчүлүк турат: жөн гана коррупционерлерди жазалоо эмес, чынчыл болуу пайдалуу, коопсуз жана урматтуу, ал эми ууру болуу уят жана тобокелдүү болгон жаңы коомдук системаны түптөө.