Коргошун изилдөөлөрү үчүн атайын лаборатория ачуу зарыл — адис

Ден соолук Загрузка... 21 Октябрь 2025 13:00
WhatsApp Image 2025-10-21 at 12.36.07.jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 21.10.25 /Кабар/. Коргошунга байланышкан ооруларды аныктоо үчүн атайын лаборатория керек болууда. Бул тууралуу №8 Үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Шайгүл Салбарова “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

“Эмне үчүн бул изилдөөнү биз балдардан баштадык? Себеби, балдардын организми, иммунитети алсызыраак келет жана алар 18 жашка чейин өсүп калыптануунун үстүндө болот. Ошого чейин эле алар коргошунга ууланып калып жатышат. Ал какао, шоколад сыяктуу бир катар азыктардын курамында да кездешет экен. Ал эми аны балдар сүйүп жешет.

Коргошун жөнүндө керек десе медицина кызматкерлеринин маалыматы аз экен. Бир жыл ичинде жүргүзүлгөн бул изилдөөнүн аркасы менен кабардар болуп жатабыз. Эми мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулса абдан жакшы болгон турат. Анкени, коргошун көптөгөн оорулардын себепчиси болушу мүмкүн. Анын кесепетинен балдардын сүйлөөсү кечеңдеп, когнитивдик өнүгүүсү артта калып, түнт болуп, окууга көңүлү келбей калган учурлар кездешет экен”,-деди ал.

Ошондой эле Салбарованын айтымында бул маселени чечүүгө комплекстүү мамиле зарыл болууда.

“Ооруларды аныктоодо күмөн санап отурбай аны менен көптөгөн ооруларга бөгөт коюлат эле. Андыктан, бул маселеге мамлекеттик деңгээлде көңүл бөлүнүп, дарыгерлердин жана жалпы элдин маалымдуулугу жогорулашы керек деп эсептейм”,-деди ал.