Корея Жалал-Абадга 120 миң "акылдуу" эсептегичти гранттык негизде берет

Аймак 10 сентябрь 2026 10:10
Корея Жалал-Абадга 120 миң "акылдуу" эсептегичти гранттык негизде берет
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 10.09.26. /Кабар/. 2027-жылдан тартып Жалал-Абад электр тармактар ишканасына Корея Республикасынан гранттык негизде 120 миң "акылдуу" эсептегич берилет. Бул тууралуу кореялык адистер менен болгон жолугушууда маалымдалганын Жалал-Абад электр тармактар ишканасынан билдиришти.

"Акылдуу" эсептегичтер Чаткал, Ала-Бука, Аксы райондоруна, Таш-Көмүр шаарына жана тиешелүү райондук электр тармактарына этап-этабы менен орнотулат.

Белгилей кетсек, 2024-жылдан бери ишкананын тейлөө аймагында 106 миң "акылдуу" эсептегич орнотулса, быйыл Токтогул жана Ноокен райондорунда дагы 44 миң эсептегич орнотулууда.

"Бул система электр энергиясын керектөөнү так эсептөөгө, көрсөткүчтөрдү автоматтык түрдө алууга жана эсептешүүлөрдүн ачыктыгын камсыз кылууга шарт түзөт", - деп айтылат маалыматта.