Чоң-Алайда "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу толук аяктады

Аймак
Чоң-Алайда "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу толук аяктады
copyright icon Ош электр тармактар ишканасы

Бишкек, 11.11.26 /Кабар/. Чоң-Алай районунда "акылдуу" электр эсептегичтерди орнотуу иштери толугу менен аяктады.

Ош электр тармактар ишканасынан билдиришкендей, жалпысынан 4 миң 773 эсептегич орнотулду.

"Анын 4 миң 750сү бир фазалуу, 23ү үч фазалуу эсептегичтер. Жаңы жабдуулар электр энергиясын керектөөнү аралыктан көзөмөлдөөгө, көрсөткүчтөрдү автоматтык түрдө алууга жана электр энергиясынын жоготууларын азайтууга мүмкүнчүлүк берет", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле бул система уруксатсыз кошулууларды аныктоого жана электр энергиясын эсепке алуунун тактыгын жогорулатууга шарт түзөт.