Кооптонууга негиз жок. Нарын – Жаңы-Жол унаа жолу ачылды

Аймак 23 Март 2026 12:53
656584568_1249281490713928_1414833943012276461_n.jpg
654225530_1249281524047258_3576396322289821001_n.jpg
655237003_1249281494047261_2885873821661465964_n.jpg
Алдыга
Артка
656584568_1249281490713928_1414833943012276461_n.jpg
654225530_1249281524047258_3576396322289821001_n.jpg
655237003_1249281494047261_2885873821661465964_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 23.03.26. /Кабар/. Нарын районуна караштуу Нарын – Жаңы-Жол унаа жолу ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Мындай чечим жолдун абалын жеринде текшерүү үчүн райондук администрация өкүлдөрүнөн жана тиешелүү адистерден турган атайын комиссия түзүлүп, кароо жүргүзүлгөндөн кийин кабыл алынды.

Кароо учурунда №41 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жолду тазалоо, кеңейтүү жана коопсуз абалга келтирүү боюнча иштер аткарылганы белгиленди.

Белгилей кетсек, 8-март күнү саат 17:45 чамасында аталган жолдун Жаңы-Жол тилкесинде тоодон шагыл аралаш таш кулап, кооптуу абал жаралган. Буга байланыштуу айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында жол убактылуу жабылган.