Бишкектеги Ак-Ордо-3 конушунда 3-октябрда катталган каргашалуу окуяда эки адамдын өмүрү кыйылып, бирок ИИМдин ыкчам аракети жана “Коопсуз шаар” системасынын жардамы менен кылмыштын бети бат эле ачылды. Шектүү адам кармалгычакты жана кармалгандан кийин дагы коомчулукта дүрбөлөң күчөп, ар кандай пикирлер айтылды. Мындан улам мамлекет башчысы ИИМдин ыкчам ишине ыраазы болуу менен жарандарды шашылыш тыянак чыгарбоого жана тергөөгө ишеним артууга чакырды.

Бир үйдөн эки адамдын өмүрү кыйылган каргашалуу окуя
Мындан бир жума мурун, 3-октябрга караган түнү Ак-Ордо-3 конушунда кандуу окуя катталып, эки бир туугандын бычакталганы тууралуу маалымат тараган. Атап айтканда, үй ээси менен анын эжеси киши колдуу болгону жана маркумдун жубайы менен балдары окуя болгон жерден качып кетүүгө үлгүргөнү тууралуу маалымдалган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, Ички иштер министрлиги окуяга байланыштуу тергөө иштерине старт берген. Көзөмөл камераларынан алынган видео жазууларда кылмышка шектүү жаран түшүп калган жана окуя болгон жерден шектүүгө таандык баш кийим - кепка табылган. Буга ылайык, Ички иштер министрлиги коомчулуктан тергөө иштерине жардам берүү максатында кылшышка шектүү адамды таанып-билгендер болсо кабарлап коюну өтүнгөн.

Күн мурун ИИМдин “Коопсуз өлкө” долбооруна кошулган видеокамеранын жардамы менен шектүү катары 2006-жылы туулган И.С. кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Бул арада коомчулукта, атап айтканда социалдык тармактарда камерага түшкөн адам эмес, башка эле жаран кармалды деген сыяктуу түрдүү кептер менен ар кандай божомолдор айтыла баштаган.
Тергөөнүн жүрүшүндө, маркумдун жубайы кенен көрсөтмө берип, шектүүнү тааныгандан кийин, коомчулуктагы талашып-тартышуулар бир аз басаңдаган.
Өлкө башчысы жарандарды медиасабаттуу болууга чакырды
Ал эми бүгүн президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жеке оюн билдирип, жарандарды медиасабаттуу болууга жана тергөө ишине “эксперт” болуп аралашпоого чакырды.
Мамлекет башчысы Бишкектеги Ак-Ордо конушунда орун алган эки кишини өлтүрүүгө шектүү адамды ыкчам аныктоого жана кармоого «Коопсуз өлкө» системасынын алкагында орнотулган камералар чоң көмөк көрсөткөнүн эске салды. Бул окуя заманбап технологиялар коопсуздукту камсыздоодо натыйжалуу экенин дагы бир жолу тастыктаганын белгиледи.
"Эл агын суудай деген чын. Кайда бурсаң, ошол жакка кете берерине кечээ дагы бир жолу ынандым. Кечээки эки бир тууганды өлтүргөн баланын түн ичинде видео байкоого түшүп калган сүрөтүн чыгарып койсо, “бул бала бир топ жашка келип калган бала экен, экөө эки башка бала, карапайым байкуш баланын мойнуна алдыртып жатат” деген сыяктуу кандай гана сөздөрдү соцтүйүндөрдөн жазып чыгышты.
Баары эле эксперт болуп кетишти.Бул окуя 3-октябрь түнү болуптур. Жарым сааттын ичинде министр өзү баш болуп опер группа менен жетип барган.
Дароо “Коопсуз шаардын” жардамы менен кылмышкерди аныктаган. Бирок бул бала ким экенин дароо тааныбай, элге кайрылуу кылышкан, “Ким тааныса кабарлап коюңуздар, сый акы болот” деп. Эртеби-кечпи ким экени баары бир табылат эле. Себеби Бишкек шаарына көзөмөл камералар орнотулган. Азыр жаңы конуштарга, шаарга кошулган айылдарга чейин көзөмөл камераларды орнотуулар жүрүп жатат.
“Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында Баткенден баштап Талас, Нарын шаарларына, базар, соода түйүндөрү, жолдорго чейин видеокамералар орнотулуп жатат. Бара-бара өлкө боюнча онлайн режимде карап олтурууга мүмкүн болот”,-деп белгилеген ал.

ИИМдин видео көзөмөл аркылуу жетишилген жыйынтыктары
Ошондой эле өлкө башчысы ИИМдин жакшы иштеп жаткандыгын белгилеген.
“Болгону, элде мурдатан калган ишенбөөчүлүк бар. Милицияларга бардык шарттарды түзүп бердик. Техникалык каражаттары жетиштүү. Керек болсо милициялардын өздөрүн кайда, кантип иштеп жүрүшкөнүн башкы штабда онлайн көзөмөлдөп турушат. Кээ бир жарандарыбыз: “ИИМ элге тез-тез маалымат берип турса болмок, минтип ызылдабайт элек”, - деп чыгышты. ИИМ мындай учурда тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн тез-тез маалымат бербейт. Качан гана толук изилдеп бүткөндөн кийин бериши мүмкүн. Ошондуктан мындай чуулгандуу иштерде баарыбыз эксперт болуп кетпей, сабырдуулук менен күтүшүбүз керек. Мындан тышкары, медиа сабаттуулукту сакташ ар бирибизге тиешелүү",-деп жазган мамлекет башчысы.
ИИМдин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 1-октябрына карата ведомствонун видео көзөмөл тутумуна кошулган 3 миңге жакын сырткы видео көзөмөл бар. Үстүбүздөгү жылдын 9 айында кылмыш жана окуяларга байланышкан 3,5 миңге жакын видео фактысы катталган.
Система ишке киргенден тарта өлкө боюнча 2497 издөөдө жүргөн адам кармалган:
- Жергиликтүү издөө – 1631;
- Мамлекеттер аралык издөө – 241;
- Борбордук ведомстволук топ – 618;
- Интерпол аркылуу издөө – 1.
Адамдарды идентификациялоо боюнча иш-чаралар мыйзамдуу негизде жүргүзүлүп, бардык укуктук нормалар сакталууда.

Кылмыштарды кайра-кайра талкуулоо коомго зыян
Ал эми кандуу кылмыштардын коомдун аң-сезимине тийгизген таасири жөнүндө “Кабар” агенттигине психолог Замира Шерипова айтып берди.
Психологдун билдирүүсү боюнча, мындай окуялар тууралуу маалыматтарды социалдык тармактардан улам-улам карай берүүнүн, өзгөчө жаш балдардын көзүнчө көргөндүн таптакыр кереги жок.
“Бул Кыргызстанда биринчи жолу болуп жаткан окуя эмес. Мындай кылмыштар дүйнөнүн кайсы гана жеринде болбосун күн сайын болуп келген жана боло берет. Ошондуктан, мен жарандарга тынчсызданууну токтотуп, тескерисинче, таза абага чыгып, тоого, жаратылыш койнуна, сейил бактарга барып эс алууну, жагымдуу адамдар менен маектешүүнү сунуштайт элем.
Андан сырткары, адамдар өздөрү эле муну ЖМКлардан, социалдык тармактардан чукулап отуруп, окуяны курчутуп, чыңалтып жиберишет. Анын үстүнө айрым адамдар далилдерди, себептерди издегенди, казганды жана талкуулаганды жактырышат. Ошондой эле, мындай терс таасирин тийгизүүчү окуяларды өзгөчө үй-бүлө ичинде, коңшулар менен кайра-кайра талкуулай берүүнүн кереги жок”,-деп белгиледи психолог.

Маалыматтык дүрбөлөң адамдарда коллективдик травма жаратат
Ошондой эле психолог Салтанат Кыдыралиева кайталанып жаткан зомбулук, киши өлтүрүү, зордуктоо сыяктуу окуялар адамдардын жеке жана коомдук коопсуздук сезимине олуттуу түрдө терс таасир тийгизе тургандыгын белгилейт.
“Бул учурда адамдын жалпы тынчсыздануу жана коркуу сезими жогорулайт. Башка адамдарга ишеним азаят, айрыкча кошуналарга, белгисиз адамдарга. Социалдык изоляция (кечинде сыртка чыкпай калуу, балдарды жалгыз жибербөө ж.б.). Маалыматтык дүрбөлөң - ар бир жаңы жаңылык мурдагы окуяны “жандандырып”, коркууну күчөтөт.
Бул – коллективдик травманын белгилери болуп саналат жана мында паникага алдырбоо үчүн эмне кылуу керек деген суроо жаралат. Биринчиден маалыматты чектөө зарыл. Андан сырткары, эшиктерди бекемдөө, жакындары, балдары, туугандары менен коопсуздук тууралуу сүйлөшүү, коңшулар, кесиптештер менен байланышта болуу жана балдарды жалгыз жана кароосуз калтырбоо. Бул майда аракеттер “мен аракет кыла алам” деген сезимди берип, психикалык жактан маанилүү болуп эсептелет. Андан сырткары, башкалардын кайгысын ашыкча өзүнө жүктөп алуу чарчатат. Эмпатия менен тең салмактуу аралыктын ортосун табуу зарыл”,-деп белгиледи ал.