Конгонун мурдагы президенти өлүм жазасына тартылды

Дүйнө Загрузка... 01 Октябрь 2025 12:20
WhatsApp Image 2025-10-01 at 12.09.47.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.10.25. /Кабар/. Конго Демократиялык Республикасынын Аскердик соту өлкөнүн мурдагы президенти Жозеф Кабиланы мамлекетке чыккынчылык кылганы үчүн күнөөлүү деп таап, өлүм жазасына өкүм кылды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, 54 жаштагы Кабилага баш калаа Киншасадагы соттук отурумга келбегенине жана өкүлү жоктугуна карабай ушундай чечим кабыл алынган.

Ошондой эле, ал мамлекетке жана чыгыштагы Түндүк жана Түштүк Киву провинцияларына болжол менен 33 миллиард доллар төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Бул иш Конго өкмөтү менен тутси этникалык азчылыгынын кызыкчылыгын коргогон, коңшу Руанда армиясы колдогон M23 козголоңчул тобунун ортосундагы жаңжалда мурдагы президенттин ролуна байланыштуу каралган. 2025-жылдын январь-февраль айларында M23 козголоңчулары өлкөнүн чыгышында кеңири чабуул баштап, Руанда менен чек арадагы бир катар аймактарды Конго армиясынан кайтарып алышкан. Кабила козголоңчулардын демилгечиси катары сыпатталган.