Бишкек, 17.11.25 /Кабар/. Конго Демократиялык Республикасынын түштүк-чыгышындагы Мулондо айылында жез кени урап түшүп, кеминде 32 адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, кырсык күн мурун болгон.
Расмий маалыматтарда шахтанын урашына катуу жааган жамгыр себеп болгону айтылган. Бирок, жергиликтүү булактар кырсыктын чыныгы себеби башка болушу мүмкүн экенин белгилешүүдө.
Жергиликтүү радиостанциянын маалыматына караганда, кенчилер менен аймакты кайтарып жүргөн аскерлердин ортосунда чыр чыгып, ок атылган. Натыйжада убактылуу көпүрө урап түшүп, шахтанын ичиндеги нымдуу жерлер кошо ураган.
Конго бийлиги учурда так жыйынтык чыгаруу үчүн иликтөө иштерин жүргүзүүдө.