Конгодо суу каптоолордон улам 16,7 миңден ашык адам үй-жайсыз калды

Дүйнө 16 октябрь 2026 09:35
Конгодо суу каптоолордон  улам 16,7 миңден ашык адам үй-жайсыз калды

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Конгонун түндүк-чыгышында суу каптоолордон улам 16,7 миңден ашык адам үй-жайсыз калды. Бул тууралуу ТАСС жазды.

Маалыматка ылайык, акыркы күндөрү нөшөрлөгөн жаандан улам Ликуала департаментиндеги 11 айылда 2,7 миңден ашык турак жайды суу каптаган. Миңдеген тургундар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан.

Өлкөнүн өкмөтү жабыркаган аймактарга, биринчи кезекте Эпена шаарына чукул арада гуманитардык жардам жеткирүү үчүн зарыл болгон ресурстарды мобилизациялоону тапшырды. Эпенадагы калктуу конуштардын жарымы суу каптоолордон жабыркаган.

Ошондой эле гуманитардык жардамдарды жеткирүү жана калкка көмөк көрсөтүү үчүн Коргоо министрлигине транспорттук тик учактарды бөлүү милдеттендирилди.