Конгодо селден кеминде 22 адам каза болду

Дүйнө 1477 07 Апрель 2025 11:40
WhatsApp Image 2025-04-07 at 08.03.21 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-04-07 at 08.03.21 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-04-07 at 08.03.21.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-04-07 at 08.03.21 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-04-07 at 08.03.21 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-04-07 at 08.03.21.jpeg
Алдыга
Артка

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 07.04.25. /Кабар/. Конго Демократиялык Республикасынын борбору Киншаса шаарында селден кеминде 22 адам каза болду. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.

Маалыматка караганда, сел узакка созулган нөшөрлөгөн жамгырдан улам келип чыккан.

Киншасанын губернатору Даниэль Боумба издөө-куткаруу иштери уланып жаткандыктан каза болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин билдирген.

“Жумадан ишембиге караган түнү болгон сел шаардын көпчүлүк инфраструктурасын иштен чыгарды. Негизги жолдорду суу каптап, көптөгөн аймактарда электр жарыгы жана суу үзгүлтүккө учурады.

Нөшөрлөгөн жамгыр жакынкы күндөрдө дагы уланып, 17 млн калкы бар шаарда дагы кыйроолор болушу мүмкүн”,-деген Даниэль Боумба.