Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору, белгилүү композитор Бегалиев Муратбек Акимовичке "Эмгек баатыры" артыкчылык даражасы ыйгарылды.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Сыйлык Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы жана кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн, ошондой эле өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу берилди.