Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Жантаев Элчибек Нуржадыевич мамлекеттик даражадагы "Даңк" ордени менен сыйланды.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Сыйлык Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы жана кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн, ошондой эле өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу берилди.